Дагы бир банк пайда болду: «Асман Банк» банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алды

Кыргызстандын рыногунда 24-банк пайда болду. «Асман Банктын» лицензиясын алуу процесси туура бир жылга созулуп, акыры өлкөнүн рыногуна расмий чыкты.

Дагы бир банк пайда болду: «Асман Банк» банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алды
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктан билдиришкендей, КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 4-февралындагы чечими менен «Асман Банкы» жабык акционердик коомуна улуттук жана (же) чет өлкө валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин билдирет.  

Эске салсак, КРнын Улуттук банкы «Асман Банк» ЖАКынан банктык лицензия берүү маселесин кароо үчүн документтерди 2025-жылдын февраль айында кабыл алган.

Маалым болгондой, «Асман Банк» ЖАК чет элдик катышуучусу бар уюм. Банк Юстиция министрлиги тарабынан 2024-жылдын 4-июнунда каттоодон өткөн жана 2025-жылдын 4-мартында кайра каттоодон өткөн. «Асман Банк» КРнын МСКда жана КРнын Соцфондунда катталган.

«Асман Банк» ЖАКтын директору болуп Эркеайым Биялиева дайындалды. Буга чейин Банктын директору Эркин Жумабаев болгон. Ал буга чейин «Керемет Банк» ААК башкармалыгынын башчысы жана «Компаньон Банк» ЖАКсын жетектеген.

Эскерте кетсек, буга чейин улуттук жана (же) чет өлкө валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны «Берекет банк»  ЖАКсы жана «Алма Финанс Банк»  ЖАКсы алып, Кыргызстанда 22-23 банк болуп саналышкан. 

2026-жылдын 6-февралына карата 24 банк КРнын коммерциялык банктарынын тизмесине киргизилди.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.