Финкөзөмөлдөн билдиришкендей, документ экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибин бекитет.
Мындан тышкары, кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби, аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибин карайт.
Ошондой эле, аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Анын ичинде документтерди берүүнүн санариптик форматтарын киргизүү жана аудиторлорго коюлуучу талаптарды тактоо каралган.
Аудиттин эл аралык стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды, кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуу жана жарыялоо тартибинин айрым жоболору актуалдаштырылды.
Токтом аудитордук ишти жөнгө салуу системасын мындан ары өркүндөтүүгө, аудиторлорго коюлуучу кесиптик талаптарды жогорулатууга, санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жана улуттук жөнгө салуунун эл аралык талаптарга шайкештигин камсыз кылууга багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.