Кыргызстандагы жашоо минимуму 9 миң сомго жакындады

2025-жылдын II кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 769,94 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 7,7 пайызга өстү.

Кыргызстандагы жашоо минимуму 9 миң сомго жакындады
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ага ылайык, жашоо минимумунун мындай өсүшү Кыргызстандын бардык аймактарында катталды. 

Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында байкалууда — 9 172,3 сом, андан кийин Жалал-Абад облусу (8 954,99 сом) жана Нарын облусу (8 457,31 сом). Эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталган (7 819,42 сом) жана  Баткен облусу (8 131,69 сом).

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: 

  • Эмгекке жөндөмдүү калк — 9 831,25 сом (анын ичинен эркектер — 10 095,18 сом, аялдар — 9 797,25 сом);
  • Пенсионерлер — 7 774,84 сом;
  • Балдар — 7 421,23 сом (0дөн 7 жашка чейин — 6 579,45 сом, 7ден 14 жашка чейин — 7 689,02 сом, 14 жаштан 17 жашка чейин — 8 474,06 сом).

Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык: 

  • азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды; 
  • азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды; 
  • кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды;
  • салыктар - 2 пайызды түзөт. 

Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.