Кыргызстанда банкирлердин орточо айлыгы 75 миң сомдон ашты

Негизги көрсөткүчтөрдүн бири - финансылык ортомчулук секторунда орточо номиналдык эмгек акы 75 миң 870 сомду түздү. Бул 2023-жылдын деңгээлинен 25% жогору. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
Өлкөдө банк тармагында 24 миңге жакын адам иштейт. Жалпысынан системада Улуттук банк жана 21 коммерциялык банк иштейт, анын ичинен 11и чет элдик капиталдын катышуусу менен. Аймактарда 320 филиал иш алып барат.
2024-жылы банк системасы 174 миллиард сомдон ашык кирешени каттаган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 60%га көп. Жалпы киреше 79 миллиард сомдон ашыкты түзүп, анын ичинен негизги өсүш Улуттук банктын үлүшүнө туура келген.
Банктын активдери да олуттуу - 29%га, 1 триллион 364 миллиард сомго чейин өстү, бул ИДПнын дээрлик 90%ына барабар. Ошол эле учурда активдердин 60%га жакыны коммерциялык банктарга, калган 40%ы Улуттук банкка туура келет.
Мобилдик банкинг системасы да тездик менен өсүүнү улантууда: кардарлардын эсептеринин саны 15 миллиондон ашты, жыл ичинде 3,6 миллион эсепке көбөйгөн (+32%).
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.