Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Азат Козубеков: «Жыл башынан бери өлкөдө 893 млн долларлык интервенция жүргүзүлдү»

2026-жылдын башынан бери Улуттук банктын валюталык интервенцияларынын көлөмү 893,45 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары билдирди.

Азат Козубеков: «Жыл башынан бери өлкөдө 893 млн долларлык интервенция жүргүзүлдү»
Сүрөт: BANKS.KG

Бүгүн, 28-апрелде Улуттук банкта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени» аталышындагы темада маалымат жыйыны болуп өттү. Анда валюталык интервенциялар боюнча журналисттердин суроосуна КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жооп берди.

«Улуттук банктын интервенцияларынын көлөмү 2026-жылы 850 миллион доллардан ашты. Тагыраак айтканда, интервенциялардын көлөмү 893,45 миллион долларды түздү. Абсолюттук мааниде алганда бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору. Акыркы төрт жылда өлкө экономикасы жыл сайын болжол менен 10% деңгээлинде туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө. Реалдуу сектордун кеңейиши тышкы соода операцияларынын көбөйүшү менен коштолууда, ал эми аларды тейлөө үчүн чет өлкө валютасы талап кылынат. Ошол эле учурда Улуттук банк интервенциялардын көлөмүн эл аралык резервдерге болгон катышы менен баалоо зарылдыгын баса белгилейт», - деп жооп берди журналисттин суроосуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков.

Ал белгилегендей, эл аралык резервдердин көлөмү өсүүнү улантууда. Бул жылга карата алардын көлөмү 9 млрд доллардан ашты.

Азат Козубеков интервенциянын көлөмү көбөйгөнүнө карабастан, алардын эл аралык резервдерге карата деңгээли орточо бойдон калып жатканын, ал тургай мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн төмөндүгүн билдирди. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.