Акция адатта жылуу мезгилде суроо-талап өсө турган чыгымдардын популярдуу багыттарын камтыйт. Кешбэк кинотеатрларда, аттракциондордо, театрларда, цирктерде жана башка көңүл ачуу жайларында, ошондой эле мейманканаларда жана отелдерде төлөм жасаганда эсептелет. Бул тизмеге Кыргызстандагы эл аралык мейманкана тармактары да кирет.
BAKAI’дын Visa жана Элкарт+ карталарынын ээлери төмөнкү категорияларга төлөгөндө, 5% өлчөмүндөгү кешбэкти нак акча түрүндө алышат:
- кинотеатрлар, театрлар жана шоулар;
- туристтик аттракциондор жана көңүл ачуу аянттары;
- цирктер жана тематикалык парктар;
- отелдер жана мейманканалар, анын ичинде Sheraton, Hyatt, Novotel, Royal Hotels жана башкалар.
Төлөмдөрдү Visa жана Элкарт+ карталары аркылуу жүргүзүү - банктын кардарлары үчүн акцияга катышууну максималдуу жеткиликтүү кылат.
«Биз кардарларыбызга ыңгайлуу каржылык кызматтарды гана эмес, күнүмдүк чыгымдардан да реалдуу пайда алуусуна шарт түзүүгө умтулуп келебиз. Май айындагы кешбэк - бул көбүрөөк эс алып, ошол эле учурда бонус алуу мүмкүнчүлүгү»,- деп белгилешти BAKAI өкүлчүлүгү.
Бул кешбэк кардарлардын тажрыйбасын өнүктүрүү жана банктык экосистеманын ичинде кошумча артыкчылыктарды түзүүчү BAKAI’дын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Толук шарттар bakai.kg сайтында жана BAKAI мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.