Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI спортту жана студенттердин өнүгүүсүн колдойт: КЭУнун лицейинде футбол аянтчасы ачылды

Бишкекте BAKAI’дын колдоосу менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин лицейинде жаңы заманбап футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

BAKAI спортту жана студенттердин өнүгүүсүн колдойт: КЭУнун лицейинде футбол аянтчасы ачылды

Бул окуя университеттин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, лицейдин студенттерине дене тарбия жана спорт менен активдүү машыгууга, мелдештерге катышууга жана командалык рухту бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чарага студенттер, окутуучулар, университеттин өкүлдөрү жана коноктор катышып, билим берүү коомчулугу үчүн маанилүү окуяга айланды.

Ачылыш аземине спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо багытында лицейдин өнөктөшү болгон BAKAI’дын өкүлдөрү да катышты. Банк спортту, сергек жашоо образын жана билим берүү демилгелерин жигердүү колдоп келет. Алардын катарында VISA Triathlon, BAKAI JAZ DEMI, Улуттук олимпиада комитети менен болгон кызматташтык, ошондой эле Кыргызстандын улуттук курама командаларын жана BAKAI амбассадорлорун, анын ичинде UFC чемпиону Валентина Шевченкону колдоо сыяктуу долбоорлор бар.

«BAKAI үчүн жаштарды бириктирип, алардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн долбоорлорду колдоо маанилүү. Спорт студенттерге тартипти, жоопкерчиликти жана өзүнө болгон ишенимди калыптандырууга жардам берет. Жаңы спорттук аянтчалар активдүү жашоо образына жана жаңы ийгиликтерге жол ачат», - деп белгилешти банктан.

Футбол аянтчасынын ачылышы КЭУнун студенттери үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктураны түзүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду. Жаңы аянтча үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүүгө, спорттук мелдештерди уюштурууга жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.