Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей,
2026-жылдын ноябрь айына карата жөлөкпул алган балдардын саны 266 166ны түздү.
Жөлөкпул төлөө үчүн талап кылынган каражаттын суммасы 328 млн 20 миң 598 сом 44 тыйынды түзөт. 2026-жылдын октябрь айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 13 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн. Ал эми талап кылынган каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.
«Бала ырысы» программасы жаш балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө багытталган.
Жөлөкпулду тариздөө «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми акча каражаттары түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат.
Жөлөкпулдун төлөмдөрү ар бир айдын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт.
Эске сала кетсек, «Бала ырысы»программасы 2026-жылдын 1-июлунда ишке киргизилген. Ар бир балага төрөлгөндөн баштап үч жашка толгонго чейин ай сайын 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.