Megadrop, Web3-капчыгы жана Alpha: Binance IT-Hub Технопаркында 2025-жылдагы жаңы өндүрүмдөрүн көрсөттү

Дүйнөдөгү алдыңкы блокчейн экосистемасы жана соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык алмашууга ээ Binance Бишкектеги IT-Hub Technopark кенен залында Binance Community Meetup аттуу чыгармачыл оффлайн иш-чарасын өткөрдү. Binance экинчи жолу криптоышкыбоздору үчүн жолугушуу уюштурду. Бул жолу иш-чарага 300 колдонуучу катышты.
Каражаттардын жана инвестициялардын коопсуздугу
Боходир Тураев алгач сөзүн коопсуздук темасынан баштады.
«Жыл сайын Binance коопсуздук протоколун ийгиликтүү өнүктүрүп келет. Анын негиздерин сиздер белесиздер: эки факторлуу аутентификация, коопсуздуктун негизги чаралары, KYC жана башкалар. 2025-жылы биз КМШ рыногунда жаңы технологияны активдүү өнүктүрүп жатабыз — эң кооптуу платформаларды жана сайттарды аныктап жатабыз. Бардык системаларыбыз толук коопсуз экенин өзгөчө баса белгилегим келет. Сиздин активдер биздин резервдерде сакталып турат, ошондуктан каражатыңыз жана инвестицияңыз үчүн такыр кооптонбой эле койсоңуз болот», — деди Binance компаниясынын КМШ боюнча өнүгүү менеджери Баходир Тураев.
Ал кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, Binance кардарларды колдоо кызматына же Binance кызматкерлерине кайрылса болорун кошумчалады.
Binance өндүмдөрү
Андан кийин спикер Binance компаниясынын негизги продуктыларына өттү. 2025-жылы Binance жигердүү Megadrop, Binance Wallet жана Binance Alpha өндүрүмдөрүн иштеп чыгууда.
Binance Megadrop - келечекке инвестиция салуу
«Binance Megadrop’тон баштайын. Көпчүлүк аирдропту билишет жана колдонушат. Binance ар дайым расмий, коопсуз жана эң кызыктуу активдерди сунуштайт. Биз Megadrop продукциясына өзгөчө көңүл бурууну чечтик, анткени биздин колдонуучулар жаңы жана эң коопсуз активдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек – бул үчүн алар Binance Simple Earnings’те балл алып гана тим болбостон, кошумча Web3 тапшырмаларды да аткарышат. Башкача айтканда, белгилүү бир квесттерди аткарып, натыйжада упай топтойсуз, ошол упайлар аркылуу активдерге жана тыйындарга ээ болосуз. Бул – сизге кызыктуу жана пайдалуу Drops’торду алуу үчүн эки баскычтуу оюн сымал. Binance Megadrop – бул кадимки аирдроптор менен Web3 долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган таптакыр жаңы ыкма», — деп бөлүштү эксперт.
Binance Wallet - каражаттарды сактоонун коопсуз жолу
Андан кийин Боходир Тураев Binance Wallet өндүрүмү тууралуу кеп кылды.
«Binance борборлоштурулган биржаны колдонот, анын белгилүү бир коиндору бар, бирок алардын баары жеткиликтүү эмес жана баары эле биздин биржага чыга бербейт, анткени биз бул монеталарды абдан кылдат талдайбыз. Бирок биздин жаңы Web3 капчык биржанын ичинде гана эмес, тиркемелер менен да иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — бул мультипартиялык коргоо, башкача айтканда, сиздин жеке ачкычыңыз бөлүктөргө бөлүнөт. Сизде толук кандуу мультичейн бар жана бардык тиркемелерге түз жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан Web3 капчыгы азыр каражат сактоонун жана тиркемелерди колдонунун эң коопсуз жолу болуп саналат», — деп билдирди спикер.
Binance Alpha - 2025-жылдын инновациясы
Үчүнчү өндүрүм Binance Alpha, Боходир Тураев тарабынан инвестиция жана өнүгүү үчүн негиз деп аталган.
«Binance Alpha — бул биздин башкы жана эң кызыктуу өндүрүмүбүз, ал жаңы эле чыкты. Бул — сизге долбоорлор менен алар биржага чыга электе таанышуу мүмкүнчүлүгүн берген алгачкы криптодолбоорубуз. Alpha аркылуу сиз Binance тарабынан текшерилген долбоорлдорду алардын биржага чыгуусунан мурун көрө аласыз. Бул өндүрүм Web3 капчык аркылуу блокчейнде активдүү кызыгуу жараткан долбоорлор үчүн инкубаторлук кызмат кылат», — деп билдирди ал.
Сиз үчүн эксперттердин иштөөсүнө жол бериңиз
Тураев кошумчалагандай, жакында эле споттук соода менен алектенүүгө жол ачылган (Spot Trading). Бул сизге жигердүү трейдерлердин бүтүмдөрүн көчүрүүгө мүмкүндүк берет - сиз эң ийгиликтүү трейдерди тандап, анын стратегиясын изилдеп, ал кандай активдерди сатып алганын жана кандай аракеттерди көрүп жатканын талдап, ошондой эле өзүңүздүн параметрлериңизди орното аласыз - тобокелдиктерди башкарууну жана соода түзүмүңүздү тууралай аласыз.
Боходир Тураев ошондой эле спот-трейдинг жаңы баштагандар үчүн эң кызыктуу ыкмалардын бири катары караларын белгиледи.
Андан соң эксперт Binance Spot DCA соода боту тууралуу айтып берди. Бул бот автоматтык түрдө эң жакшы орточо баалар боюнча сатып алуу же сатуу ордерлерин жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Бул — соода алгоритми болуп эсептелет, ал ордерлерди тандоого жана бүтүмдөрдү талдоого жардам берип, эң жакшы натыйжага жетүүгө шарт түзөт. Автоматташтырылганына карабастан, колдонуучулар «эң пайдалуу бүтүмдөрдү» тандап эле тим болбостон, каалаган кирешелүүлүк пайызын да көрсөтө алышат. Система автоматтык түрдө дал ошол максатка умтулат.
Banks.kg порталы иш-чаранын катышуучусу жана маалыматтык өнөктөшү болду.
Сүрөт: Banks.kg
Башкы сүрөт: Binance
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.