Бишкек мэриясы тартип бузгандар тууралуу кабар бергендерге сый акы төлөөнү сунуштады

Мыйзам бузуулар тууралуу билдирген жарандарга сый акы киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал жол тыгындарын, мыйзамсыз таштандылар, адамдардын жана компаниялардын айлана-чөйрөгө болгон кайдыгер мамилеси боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Бишкек мэриясы тартип бузгандар тууралуу кабар бергендерге сый акы төлөөнү сунуштады
Сүрөт: интернеттен алынды

Коомдук талкууга «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору сунушталды. Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

КР мыйзам долбоорунда учурда Бишкек шаарында жол тыгын көйгөйү бар экени айтылат. Борбор калаада 400 миңден ашык унаа катталса, күн сайын борбор калаага дагы 200 миңге жакын унаа кирет. Шаардын жол тармагы транспорттун интенсивдүү агымынан улам келип чыккан жүктү көтөрө албайт.

«Көчөлөрдү кеңейтүү негизинен мүмкүн эмес, ал эми жаңы жол кесилиштерин жана жолдорду куруу олуттуу капиталдык салымдарды талап кылат. Буга карабастан Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жолдорду куруу жана реконструкциялоо, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу көчөлөрдөгү тыгындарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө»,- деп жазылат документте. 

КРнын укук бузуулар кодексинин 188-беренесине ылайык, унааны токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленет. Кодекстин 34, 37 жана 38-беренелеринде укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттери автотранспорт каражаттарын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктүн кулпусун жана башка түзүлүштөрдү колдонуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди карайт.

Бишкек мэриясына унааларды эвакуациялоого мажбурлоо боюнча кошумча ыйгарым укуктар жол тыгынынын деңгээлин азайтууга жардам берет.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уруксат берилбеген жерлерге ар кандай таштандылар төгүлүп, имараттардын фасаддары, жолдор, тротуарлар, жол конструкциялары жана жашыл зоналар бузулууда. Буга жеке жана юридикалык жактардын айлана-чөйрөгө кайдыгер мамилеси себеп болууда», — деп айтылат документте.

Буга байланыштуу, КРнын укук бузуулар кодексинин 114, 115, 177, 178, 179, 286-беренелеринде айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү караган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Кодекстин 114 жана 115-беренелеринде эскертүү түрүндөгү жаза чаралары каралган. Мыйзам долбоорунда жоопкерчиликке тартууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык компонентти жоюу максатында бул беренелерден жазанын бул түрүн алып салуу сунушталууда. Эскертүүнүн ордуна, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат.

Мыйзам долбоорунда укук бузуу тууралуу билдирүү үчүн акчалай сыйлык киргизүү да каралган. Иш жүзүндө жарандарды укук бузууларды аныктоо жана алдын алууда мамлекеттик органдар менен кызматташууга шыктандыруучу механизмдер киргизилген. 

Бузуулар жөнүндө билдирүү үчүн сыйлык берүү беренесин киргизүү жарандык позицияны активдештирүү, укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү жаатында мамлекет менен коомдун өнөктөштүк мамилелерин калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Анда төмөнкүлөр ишке ашат: 

  • бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү;
  • укук бузууларды ачуу процессине жарандарды тартуунун эсебинен кылмыштардын кечиктирилишин кыскартуу;
  • жоопкерчиликтен кутулбоо принцибин бекемдөө;
  • жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кошумча механизмин түзүү;
  • мамлекеттик органдарга элдин ишенимин жогорулатуу. 

Сунуш кылынган редакция Кодекстин 575-беренеси («Укук бузуу жөнүндө кабарлоо үчүн сый акы») толукталып, анда: 

1. Даярдалып жаткан, жасала турган же жасалган укук бузуу жөнүндө ишенимдүү маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарга билдирген адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте акчалай сый акы алууга укуктуу. 

2. Сый акы төлөө берилген маалымат төмөнкүлөргө түрткү болгон шартта жүргүзүлөт: 

  • укук бузуунун алдын алууга; 
  • укук бузууну жасаган адамды аныктоого; 
  • укук бузуунун натыйжасында алынган мүлктү алып коюуга;
  • күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууга. 

3. Сый акынын өлчөмү салынган айып пулдун суммасына же алып коюлган мүлктүн наркына карата пайыздык катышта, бирок 5 пайыздан кем эмес жана 20 пайыздан ашык эмес белгиленет.

4. Мыйзам же соттун чечими боюнча уруксат талап кылынган учурларды кошпогондо, укук бузуу жөнүндө билдирген адам анын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоону талап кылууга укуктуу. 

5. Эгерде өзүнчө мыйзамда башкача каралбаса, укук бузууну жасоого катышкан адам сыйланууга жатпайт. 

6. Сый акы төлөөнүн, маалыматтын аныктыгын ырастоонун жана маалымат берүүчүлөрдүн укуктарын коргоонун тартиби КРнын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо 2025-жылдын 20-сентябрына чейин созулат.