Микрокредит алуучулардын эң көп бөлүгүн бишкектиктер түзөт

Кыргызстанда микрокредиттик уюмдар тарабынан 2025-жылдын тогуз айында жалпы суммасы 63 миллиард сомдон ашык насыя берилди.

Микрокредит алуучулардын эң көп бөлүгүн бишкектиктер түзөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ошону менен катар болжолдуу 797 миң адам микрокредит алган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карыз алуучулардын саны 13,2%га азайган, бирок берилген каражаттардын жалпы көлөмү 33,6%га өскөн.

Микрокредит алуучулардын эң көп саны борбор калаа Бишкек шаарында катталган, анда бардык карыз алуучулардын 32,5%ы жашайт. Алдыңкы ондукка Ош (дээрлик 16%), Жалал-Абад (13%дан ашык) жана Чүй (болжол менен 11%) облустары кирди.

Ушундай эле көрүнүш берилген кредиттердин көлөмү боюнча да байкалат: бардык микрокредиттердин болжол менен 28% Бишкек шаарынын тургундары, 16% - Ош, 14% - Жалал-Абад, 13%дан ашыгы - Чүй облустары тарабынан алынган.

Ал эми микрокредиттердин структурасында керектөө кредиттери басымдуулук кылжы - анда жалпы көлөмдүн 62%дан ашыгын түздү. Кредиттик каражаттардын болжол менен 15% айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ал эми 9,5% - чекене соодага жана тамак-аш тармагына жумшалган.

Белгиленгендей, керектөөчү микрокредиттердин үлүшү жыл ичинде олуттуу түрдө – 9,7%га өскөн, ал эми айыл чарба тармагына багытталган кредиттердин үлүшү 4,6%га кыскарган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.