Курс USD 87.26 / 87.74
Курс EUR 100.96 / 101.96
Курс RUB 1.103 / 1.131
Курс KZT 0.146 / 0.177
USD USD
87.26 / 87.74
EUR EUR
100.96 / 101.96
RUB RUB
1.103 / 1.131
KZT KZT
0.146 / 0.177

Чанпэн Чжао: «Биткоин дагы да өсүп, жаңы рекорддорду басууну улантат»

Дүйнөдөгү эң ири Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао биткоиндин тарыхый максимуму 120 миң долларга жеткени келечекте анча маанилүү эместей сезилип калышы мүмкүн дейт - бул биринчи криптовалютанын наркынын 1% дан азын түзүшү мүмкүн.
Чанпэн Чжао: «Биткоин дагы да өсүп, жаңы рекорддорду басууну улантат»

Бул тууралуу Bits.mediа басылмасы билдирди.

Чанпэн Чжао ишенимдүү түрдө билдиргендей, биткоин жаңы рекорддорду жаңылай бермекчи — азырынча бул болгону башталышы гана. Ал 2014-жылы биткоин сатып алган тажрыйбасы менен бөлүштү. Арадан үч жыл өткөн соң, 2017-жылдын январь айында биткоин биринчи жолу 1000 доллардык чекти басып өткөн, бул учурда мындай көрсөткүч криптовалюта үчүн чоң жетишкендик болгон.

Азыркы учурда биткоин 2017-жылдагы рекорддон дээрлик 122 эсе кымбат турат. 122 миң доллардык деңгээлге жетүү үчүн биткоинге 16 жыл талап кылынды.

Биткоиндин өсүшүнө негизинен ири компаниялардын кызыгуусу өбөлгө болууда — алар спот-биржалык фонддорго (ETF) капиталын инвестициялап жатышат. 2024-жылы бул фонддордун ишке кириши корпоративдик инвестицияларды тартты жана биринчи криптовалютага болгон суроо-талапты күчөттү.

Ошол эле учурда, Binance компаниясынын мурдагы башкы директору альткоиндердин келечегине ишенбейт. Анын айтымында, криптовалюталардын көпчүлүгү жаңы рекорддорду жаңылай албай калат.

Жакында Чанпэн Чжао жаңы демилге көтөргөн — колдонуучулардын көзү өткөнүнө даярдык көрүү. Анда колдонуучулар платформадагы активдерин мураскерлерге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмак.  

«Ар бир платформада мурас калтыруу функциясы болушу керек. Колдонуучу каза болгондо, анын активдери көрсөтүлгөн аккаунттарга белгиленген үлүштө өткөрүлүп берилүүгө тийиш», — деп жазган Чанпэн Чжао X социалдык тармагында.

Эске салсак, эки күн мурун биткоин баасы тарыхый жаңы максимумга 123 миң 218 АКШ долларына жеткен. Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков дагы крипторынок бир нече ирет жаңы рекорддорду жаңылай турганын белгилеген.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.