Кыргызча жаңылыктар
Новости
Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү
Бишкек - 2026-жыл, 28-июль. Бүгүнтөн тартып BAKAI тарабынан чыгарылган Visa карталарынын ээлери Apple Pay кызматын колдоно алышат. Бул мобилдик төлөмдөрдү жаңы деңгээлге чыгарган, тез, ыңгайлуу, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган кызмат.
07:43, 28.07.2026«Кепилдик фонд» ААКсы менен «ОКСУС МФК» ЖАК кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюшту
Кечээ, 27-июлда, «Кепилдик фонд» ААКсы менен «ОКСУС Микрофинансылык компаниясы» ЖАК өлкөдөгү ишкердик субъекттеринин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.
07:09, 28.07.2026Кыргызстандагы Wildberries жана Ozon сатуучулары үчүн салык каникулу киргизилиши мүмкүн
МСК тигүү тармагындагы ишканалар жана Wildberries менен Ozon маркетплейстери аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ченин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштады.
06:38, 28.07.2026Бишкекте ислам каржылоо жана капитал рыногу боюнча эл аралык форум өттү
Кыргызстанда ислам каржылоо банк кызматтарынан ашып жаңы баскычка өтүүдө. Мындан аркы негизги милдет - инвестицияларды, камсыздандырууну жана капитал рыногун бирдиктүү системага бириктирүү болуп саналат.
12:06, 27.07.2026Кыргызстанда «Бала Береке» депозиттик эсебин ишке киргизүү сунушталды
Министрлер кабинети «Бала Береке» мамлекеттик балдар депозити жөнүндөгү жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
09:06, 27.07.2026Жаңы мыйзам үй ээлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдиктерин күчөтөт
2026-жылдын 24-июлунда президент Садыр Жапаров тарабынан турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумун өркүндөтүүгө багытталган «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.
07:31, 27.07.2026Бир нече багытта бизнес алып барган жеке ишкер: салыктар тууралуу эмнелерди билүү керек
Мамлекеттик салык кызматы Banks.kg сайтынын суроосуна жооп берип, эки же андан көп экономикалык ишмердүүлүк түрү боюнча катталган жеке ишкерлер салыктык эсептерди кантип жүргүзүшү керектигин түшүндүрдү.
11:34, 24.07.2026Wildberries жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөй баштады, бирок кампалар дале чабуулга кабылууда
Wildberries өзүнүн логистикалык комплекстерине жасалган бир катар чабуулдардын кесепеттерин жоюуну улантууда. Компания жабыркаган сатуучуларга алгачкы төлөмдөрдү төлөй баштады. Бирок бул аралыкта кампаларга жаңы соккулар жасалды. Азыркы тапта эмне белгилүү?
10:32, 24.07.2026Кыргызстанда коррупция тууралуу маалымат бергендерге акчалай сыйлык төлөө сунушталууда
Ички иштер министрлиги «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыкты.
08:51, 24.07.2026286 млрд сомдон ашык каражат калк менен бизнестин колунда
Ар бир кыргызстандыкка шарттуу түрдө 42,5 миң сомдон накталай акча туура келет. Бирок бул эсептик көрсөткүч гана: чындыгында каражат калк арасында тең эмес бөлүштүрүлөт.
05:51, 24.07.2026Улуттук банк акча которуу эрежелерин катаалдатты
Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы акча которуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти. Жаңы талаптар операторлордун ишине көзөмөлдү күчөтүп, билдирүү тартибин өзгөртөт жана компанияларды реестрден чыгаруу негиздеринин тизмесин кеңейтет.
04:47, 24.07.2026MBusiness-тин техникалык жаңыртуусу: 31-июльдан 3-августка чейин колдонмо жеткиликсиз болот
MBusiness банктын ички системаларын өркүндөтүп, жаңы техникалык негизге өтөт. Бул жаңыртуу MBusiness-ке тиешелүү болот. Иштер пландуу жана ырааттуу түрдө, 31-июльдан 3-августка чейин жүргүзүлөт. Биз ар бир этапты көзөмөлдөйбүз, ошондуктан жаңыртуудан кийин бардык сервистер туруктуу жана адаттагыдай режимде иштейт.
15:40, 23.07.2026Wildberries кампаларга жасалган чабуулдан кийин төлөмдөрдү баштады: сатуучулар эмне алышат
Алгачкы компенсациялар сатуучуларга жөнөтүлө баштады. Бирок Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган чабуулдардын кесепети дале өсүүдө. Төлөмдөр, келтирилген чыгым жана жаңы окуялар тууралуу эмнелер белгилүү?
11:53, 23.07.2026Минкаб 15%га чейинки инфляцияга даярданууда: эмнелердин баасы азыртан кымбаттады
Кыргызстанда 2026-жылга карата инфляция күтүлгөн 9%дын ордуна 14–15%га жетиши мүмкүн.
10:02, 23.07.202625 жылга чейин жана баштапкы төлөм 10% — МИКтин аялдар үчүн жаңы ипотекасынын шарттары
Мамлекеттик ипотекалык компания аялдарды колдоого багытталган ипотекалык программанын жол-жобосу тууралуу маалымат берди.
07:13, 23.07.2026Wildberries кампаларына болгон чабуул: кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда
Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин координациялоодо.
05:04, 23.07.2026Карыздар кечилбейт: банктар менен жарандардын пайдасына канча каражат өндүрүлдү
Каражатты өндүрүп алуу тууралуу ар бир сот чечиминин артында акчанын иш жүзүндө кайтарылышы турат. Жарым жылдын ичинде сот аткаруучулары сот чечими боюнча доогерлерге миллиарддаган сом которушту.
11:47, 22.07.2026Улуттук банк насыя алуучулар көптөн көп күткөн чечим чыгарды
Мындан ары терс кредиттик таржымалы карыз алуучуларга узак убакыт бою тоскоолдук жаратпайт. Финансылык жөнгө салуучу орган кредиттик бюролордо маалыматты сактоо эрежелерин өзгөрттү.
08:38, 22.07.2026Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы кескин жогорулады
21-июлга карата Кыргызстанда күйүүчү майдын бардык негизги түрлөрүнүн баасы байкаларлык кымбаттады. Анда АИ-95тин баасы 106 сомдон ашып, АИ-92 85 сомду түзүүдө, ал эми дизелдик отун 100 сомдук чекке жакындап калды.
06:01, 22.07.2026Кыргызстанда тамак-аш канча турат? Жаңы баалардын статистикасы
Июль айындагы азык-түлүктүн орточо баалары жарыяланды. Сатып алуучулар эт үчүн эң көп каражат коротушат, ал эми ун, нан жана сүттүн баасы салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.
04:39, 22.07.2026Садыр Жапаров: Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы ИДПнын 39 пайызын түзөрүн билдирди.
09:21, 21.07.2026FIFA World Cup 2026 коллекциялык монетасы «Айдын монетасы» номинациясын жеңип алды
2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык ышкырыгы жаңырганы менен, анын тарыхы уланууда. Турнирдин эң башкы эстелик символдорунун бири катары FIFA”нын расмий коллекциялык монетасы саналат.
07:36, 21.07.2026Бишкектин тургуну криптовалюта алмаштырам деп алдамчыга жолуккан
Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан 82,5 миң доллардан ашык суммадагы криптовалюта алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды.
06:06, 21.07.2026Кыргызстан экономиканын башка тармактарына караганда кызмат көрсөтүүдөн көбүрөөк киреше табат
Кызмат көрсөтүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. 2026-жылдын январь-июнь айларында бул тармактын дүң өндүрүшү 746,6 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1%га өстү.
04:25, 21.07.2026Эмгек министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого 19 млн сомдон ашык каражат бөлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган ири долбоорду ишке ашырууну улантууда.
11:41, 20.07.2026Wildberries кампаларындагы жарылуулар: белгилүү болгон жагдайлар жана Кыргызстандын сатуучуларын эмне күтөт
Көптөгөн кыргызстандык ишкерлер үчүн орусиялык маркетплейс негизги сатуу каналдарынын бири бойдон калууда. Кампалар жабыркагандан кийин компания сатуучуларды колдоо чараларын көрөрүн билдирди.
09:33, 20.07.2026МИК жеке курулуш компаниясы менен өнөктөштүктө батирлерди сата баштады
Жеке курулуш компаниялары менен кызматташтыгын кеңейтип жаткан Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарындагы Meridian турак жай комплексинен кыргызстандыктарга курулуш жүрүп жаткан этапта 56 батир сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.
08:06, 20.07.2026Кыргызстанда жашоо үчүн эң аз дегенде канча акча керек? Статком жооп берет
2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда киши башына эсептелген орточо жашоо минимуму айына 9 873,28 сомду түздү.
06:00, 20.07.2026Кыргызстандын казынасы пландан тышкары 20 млрд сомдон ашык каражатка толукталды
2026-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 миллиард 251,8 миллион сомду түзүп, болжолдонгон көрсөткүчтөн 22 миллиард 652,7 миллион сомго ашты.
11:06, 17.07.2026«Балага сүйүнчү» төлөмүн каржылоого 271 млн сомдон ашык каражат багытталды
2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды.
09:02, 17.07.2026