Алдар бизнесинин күчү: Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо Кодекси расмий түрдө кирди

Бишкекте аялдардын ишкердигин каржылоонун Программасын кол коюу аземи өткөн. Бул демилге КРнын Улуттук Банкы тарабынан башталган жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктө иштелип чыккан. Ага Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.
Аземде КРнын Улуттук Банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Кыргыз Республикасындагы, Тажикстан Республикасындагы жана Түркмөнстандагы ЕРӨБдүн аймактык башчысы Айтен Рустамова, Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Санжар Болотов, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Лада Орузбаева, ConsumerCentriX уюмунун өкүлү Анна Гинчерман жана Улуттук банктын орун басары Бектур Алиев сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын алкагында «Аялдар ишкердигин каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн тездетүү: Кодекс иштеп баштаганда» аттуу панелдик талкуу өттү. Анын катышуучулары аялдар ишкерлигин колдоонун тажрыйбалары жана аялдар үчүн финансы продуктулары тууралуу өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Панелдик талкуунун модератору КРнын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова болду.
«Ишкер айымдарды каржылоо Кодексинин ишке кириши - аялдар ишкерлигин колдоодо абдан жакшы демилге, анткени алардын ишкерлигинен тышкары башка маанилүү милдеттери да бар – үй, үй-бүлө, балдар. Кепилдик фондунун иши тууралуу айта турган болсок, ал ишкерлерге керектүү насыя менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Кыргызстанда биринчи кепилдикти Кара-Балтадан чыккан айым алып, нан бышырып аны дүкөндөргө, мектептерге, бала бакчаларга саткан. Биз анын ишин колдоп бергенибизге абдан кубанычтабыз. Кепилдик фондунун өзгөчөлүгү - кредит берүү менен эмес, кепилдик берүү менен иш алып барат. Ар жылы биздин статистика көрсөтүп жаткандай, аялдардын бизнеси өсүүдө, алардын сапаттуу салымы да көбөйүүдө, жана өлкөнүн ИДПнын 37%ын аялдар ишкерлик кылып жаратат», - деп билдирди Кепилдик фондунун башчысы Малик-Айдар Абакиров.
Андан соң, ЖАК МКК «Байлык Финанс» микрофинансылык уюмунун башкы директору Чынара Молдажанова сөз сүйлөдү.
«Аялдардын бизнесин колдоо - бул коомдук жоопкерчилик жана экономиканын стратегиялык артыкчылыгы. Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, аялдардын рыноктогу ордун бекемдеш жана аларды жаңы жетишкендиктерге шыктандыруу үчүн атайын программаларды жана демилгелерди иштеп чыгарабыз. Башында биз каржылык сабаттуулук боюнча билим берүү платформасын уюштурдук, андан кийин юридикалык жардам көрсөтүүгө өттүк. Региондордо аялдар бул нерселерге абдан муктаж, биздин миссиябыз - ошол жакта иштөө. Азыр биз бизнес кеңеш берүүгө өттүк, себеби биздин портфелибиздин 58%ын аялдар түзөт, алардын 57%ы бизнес-кредиттерди алат. Биз ЕРӨБ менен тыгыз иштешебиз, жана Банк бизге жаштар үчүн бизнес программасын сунуштады. Анын ичинде ишкерлик кылгысы келген жаш айымдар да бар, бирок каржылык билимдери жетишпегендер үчүн микрокредиттерден баштоону сунуштайбыз», - деп бөлүштү Чынара Молдажанова.
Ал ошондой эле «Байлык Финанс» компаниясында көпчүлүк кызматкерлер аялдар экенин, алар жумушта жоопкерчиликтүү жана так болорун белгиледи. Компаниянын 54 кеңсесинде балдар бурчтары бар, ал аркылуу ата-энелер каржылык сабаттуулукка үйрөнүп, кредит ала алышат, бирок ошол эле учурда балдары көзөмөлдөнөт. Компанияда 91% кардарлар кырсыктардан жана оорулардан камсыздандырылган. Ал эми «Менин дарыгерим» кызматында медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Андан соң, «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова банк туруктуу өнүктүрүүнүн 14 максатын ишке ашыруу менен БУУнун Глобалдык келишиминин принциптерине берилгендигин баса белгиледи.
«Бир нече жыл мурун биз БУУнун Глобалдык келишимине кошулдук. Ошондон бери бардык стратегиялар, нормативдик документтер, эрежелер жана процедуралар 14 Туруктуу өнүгүү максаттарын камтыйт, алардын ичинде аялдарды колдоо, гендердик теңдик жана бардык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Биз Банкта гендердик маселелер боюнча өз анализибизди жүргүздүк. Ага ылайык, Банктагы жетекчи кызматтардын 47%ын аялдар, 53%ын эркектер ээлейт. Банк системасында аялдардын мааниси абдан чоң мааниге ээ. Статистикалык маалыматтарга ылайык, республика боюнча кичи, орто жана ири кредит берүүдө аялдар 30%ын түзөт. Бул жерде чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп жатабыз жана алга жылуу үчүн көптөгөн жолдор бар. Биз аялдар үчүн уникалдуу продукт иштеп чыктык, ал «Ишкер-айым» деп аталат. Бул продукт жеңилдетилген шарттарда, узак мөөнөттүү кредит алууну, кредит алуу процесстин ыңгайлуулугун жана каржылык компетенцияларды окутуу менен насаатчылык жардамды сунуштайт. Ошондой эле, аялдар үчүн башка сунуштар да бар. Биз аялдар ишкерлигин колдоону негизги багыт катары алып жатабыз», - деп билдирди «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова.
Эске салсак, Кодекске Кыргызстандагы 10 алдыңкы финансылык институт кошулган, алардын ичинен 7 коммерциялык банк: ЖАК «Компаньон Банк», ААК «Бакай Банк», ААК «Оптима Банк», ААК «Айыл Банк», ААК «Элдик Банк», ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» жана ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк». Ошондой эле микрофинансылык сектордун өкүлдөрү – ЖАК «Байлык Финанс», ЖАК «МФК ОКСУС» жана КРнын Кепилдик фонду
Айрым финансылык уюмдар өзүнүн стенддерин жана бренддик өндүрүмдөрүн көрсөтүштү.
Сүрөт: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.