Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбоордун негизги милдети менчиктин түрүнө карабастан, уюмдарда эмгек акыны индексациялоого бирдиктүү укуктук ыкмаларды белгилөө болуп саналат. Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Талайбек Масабиров.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Гүлнара Баатырова да сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн максаттарына токтолуп, мамлекеттин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири калктын төлөө жөндөмдүүлүгүн сактоо жана кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу наркын камсыз кылуу экенин айтты.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жарандардын кирешелерин коргоо боюнча бирдиктүү укуктук механизмдерди түзүү керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда жактырылды.
Эске салсак, 2026-жылдын февраль айында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аталган долбоор эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыккан. Ал эми 2026-жылдын 3-июнунда ЖКтин депутаттары аталган долбоорду биринчи окууда кабыл алган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.