Үч аптада 46 713 адам кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта жеке жактар кредиттик келишимдерди түзүүгө өз алдынча жана акысыз тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышты.

Үч аптада 46 713 адам кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктан билдиришкендей, 2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки мезгил аралыгында 46 713 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти.

Ал эми буга чейин ноябрь айынын 1нен 7сине чейин 19 миң 553 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салган болчу.

Буга чейин Banks.kg порталы кантип насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салса болорун түшүндүрүп берген.

Эске салсак, КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун 2025-жылы сентябрь айында коомдук талкууга сунуштаган.

2025-жылдын апрель айында «Элдик Банк» Кыргызстанда биринчилерден болуп, кредиттерге өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин сынаган. Банк «El.Kalkan» киберкоопсуздук долбоорун ишке киргизип, анын биринчи компоненти «Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу» кызматы болгон.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.