Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, банктардын депозиттик портфели – бул кардарлардын (жеке жана юридикалык жактардын) кайтаруу жана пайыздарды төлөө шарттарында банктарга жайгаштырган бардык акча каражаттарынын жыйындысы.
- Январь айында депозиттердин көлөмү 611,3 млрд сомду түздү.
- Февраль айында – 648,2 млрд сом;
- Март айында – 668,6 млрд сом;
- Апрель айында – 687,9 млрд сом;
- Май айында – 697,2 млрд сом;
- Июнь айында – 704,2 млрд.
Июнь айынын жыйынтыгы боюнча депозиттердин жалпы көлөмү 704 миллиард сомдон ашты, бул Кыргызстандын банк системасы үчүн рекорддук көрсөткүч болду.
Депозиттердин көлөмүнүн өсүшү жарандардын жана бизнестин банк тутумуна ишенимин арттырып жаткандыгын, ошондой эле өлкөдөгү финансылык активдүүлүктүн деңгээлинин жогорулашынан кабар берет.
Буга чейин Banks.kg порталы банктан кантип депозит ачып, туруктуу кирешеге чыкса болору тууралуу материал даярдаган.
Депозитти Banks.kg маалымат порталынын аманаттар бөлүмүнөн тандаса болот.