Депозиттерди коргоо агенттиги жана Capital Bank пенсионерлер менен жолугушуу өткөрдү

24-октябрда КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан Бишкек шаарынын улгайган жарандары үчүн Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны Banks.kg порталынын колдоосу менен Capital Bank жана Агенттик уюштурган.

Депозиттерди коргоо агенттиги жана Capital Bank пенсионерлер менен жолугушуу өткөрдү
Сүрөт: Banks.kg

Иш-чарага «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук уюму, ADRA Кыргызстан жана Улуттук кызыл ай коомунан кырктан ашык аялдар катышты.

Алгач КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин башчысы Кадырбек Букуев сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстандагы банктык аманаттарды сактоо жана камсыздандыруу системалары боюнча кенен айтып берди. Банктык аманаттар КРде башка өлкөлөрдөгүдөй эле мамлекет тарабынан камсыздандырылган. Бул банк банкрот болгон учурда каражаттардын кайтарылышына кепилдик берет, бул инструментти тобокелдүү инвестициядан качкан улгайган адамдар үчүн аманаттарды сактоонун эң ишенимдүү жолдорунун бирине айлантат.

«Депозиттер мамлекет тарабынан корголушу керек. Бардык эле адам банкка аманат салып жатканда, «банк банкрот болуп калбайбы?» деген суроо жаралбай койбойт. Ак эмгеги, мээнети менен таап жаткан жарандар, албетте каражаттары үчүн тынчсызданат. 2008-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, 2023-жылдын 10-июнунда «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү күчүнө кирген. Өзгөртүүлөргө ылайык, коммерциялык банктар, микрофинансылык жана турак жай-сактык кредиттик компаниялары банкрот болгон учурда аманатчыларга компенсациянын максималдуу өлчөмү 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көтөрүлгөн. Ошентип, депозиттик компенсациянын көлөмү беш эсеге өскөн. Бул кепилденген сумма аманатчынын бир коммерциялык банктагы депозити пайыздарды кошкондо 1 миллион сомго чейин корголгондугун билдирет. Эгерде, сиздин депозитиңиз мисалы 400 миң сом болсо, банк банкрот болуп калды дейли, анда депозиттин суммасын толугу менен аласыз. Эгер сиз бир банкка 1,5 миллион сом салсаңыз, 1 миллион сом компенсация аласыз, ал эми калган сумманы пайыздары менен кошо банктын активдерин сатуу аркылуу сизге кайтарылып берилет», - деп эскертти Кадырбек Букуев. 

Аталган агенттиктин башчысы, аманатчылардын банк тутумуна болгон ишенимин белгиледи. Анын айтымында, учурда үч микрофинансылык компаниядагы депозиттер жана банктык депозиттер 815 миллиард сомго жетет. 

Андан соң Кадырбек Букуев катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Аманатчынын көзү өтүп кетсе каражаттар эмне болот? Өтө зарыл учурда банктагы депозитти кантип чечүү керек жана ал үчүн ишеним катты кантип түзүү керек, деген өңдүү актуалдуу суроолор берилди.   

Андан кийин Banks.kg порталынын редактору Ольга Башкирова пайыздык банк карталары, аз пайыздык чен менен керектөө насыялары жана Кыргызстандын пенсионерлери үчүн пайдалуу депозиттер тууралуу сөз кылды.

«Көптөгөн банктар кары адамдарга багытталган атайын депозиттик өндүрүмдөрдү сунушташат. Пенсионерлер үчүн депозиттин башкы артыкчылыгы каржылык коопсуздукту камсыздоо, туруктуу кошумча киреше жана пайдалуу шарттары болуп саналат. Көпчүлүк пенсиялык депозиттер ай сайын пайыздарды чегерүүнү жана төлөөнү камсыз кылат. Бул пенсионерлерге күнүмдүк жашоо чыгымдарын жабууга, пенсиясына кошумча алган кирешелерин пайдаланууга мүмкүндүк берет», - деп билдирди Ольга Башкирова. 

Түшүнүктүү болуш үчүн порталдын редактору каралган темалар боюнча даярдалган материалдарды таратып берди. Иш-чара акча жана аны сактоо боюнча экспресс-суроолорго жооп берүү менен жыйынтыкталды. Активдүү катышуучулар Banks.kg тарабынан белектерге ээ болушту.

Иш-чаранын башкы уюштуруучулары - «Capital Bank» ААКсы – жолугушуунун соңунда сүйлөштү. Capital Bank окуу борборунун жетекчиси Айзирек Мамадалиева аманат күнүнө карата даярдалган презентациясын жактады, анда Банктын бул багыттагы иштери, пенсионерлер үчүн каржылык туруктуулукту жана кошумча кирешени камсыздоого жардам берген депозиттик өндүрүмдөрдү жана санариптик киберкоопсуздуктун маанилүүлүгүн айтып берди.  

Соңунда коноктор «Capital Bank» ААКсы тарабынан даярдалган фуршетке күбө болушту. Мындан тышкары, коноктор Capital Bank бренддик күндөлүктөрүнө жана КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин эастелик белектерге ээ болушту. 

#каражаттоптоо2025

#worldsavingday