Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 96.62 / 97.62
Курс RUB 1.058 / 1.098
Курс KZT 0.116 / 0.187
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
96.62 / 97.62
RUB RUB
1.058 / 1.098
KZT KZT
0.116 / 0.187

300дөн 783кө чейин: Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлардын акыркы 20 жылдагы өзгөрүү динамикасы

Ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда 783 акча алмаштыруучу жай расмий катталган. Бир жыл мурда алардын саны 624 болгон. Ал эми мындан он жыл мурда алар эки эсеге аз болгон – болгону 304. Валюта рыногу кандай өзгөртүүлөрдү басып өттү – Banks.kg материалында.
300дөн 783кө чейин: Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлардын акыркы 20 жылдагы  өзгөрүү динамикасы

Улуттук банк расмий сайтында, өлкөнүн банк жана финансы сектору жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды камтыган КРнын Улуттук банкынын бюллетенин жайгаштырат. Banks.kg порталы ал жактан жыл боюнча алмашуу бюролоруна берилген лицензиялардын саны боюнча маалыматтарды таап, талдап чыккан.

Алмашуу бюросу – чет өлкөнүн накталай  валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын пункт. Мындай операциялар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгондо гана жүргүзүлөт. Алмашуу бюросун иштеш үчүн жүгүртүү капитал болушу керек. Жүгүртүү капиталынын минималдуу өлчөмү:

  • 500 миң сом — көпчүлүк акча алмаштыруу жайы үчүн;
  • 1 миллион сом — Бишкек жана Ошто жайгашкан акча алмаштыруу пункту

Кыргызстанда акча алмаштыруу бюросун кантип ачуу керектиги тууралуу Banks.kg порталынан толугу менен окуңуздар.

2018-жылдын башында, КРнын Улуттук банкынын жаңы форматтагы бюллетенин басып чыгаруу башталганда, өлкөдө 393 алмашуу бюросу болгон. 2003-жылдан берки мезгилди камтыган мурдагы документте андан да кызыктуу сандар камтылган.

Эгерде мындан 20 жыл мурун акча алмаштыруучу жайлардын саны жыл сайын 50дөн ашпаса, акыркы жылдары өсүш жүздөп жогорулоодо. Төмөндөө мезгили да болду: мисалы, 2010-жылы 87 акча алмаштыруучу жай бир мезгилде жабылган.

2000-жылдардын башында валюта рыногунун катышуучуларынын эскерүүлөрүнө караганда, расмий алмашуу бюролоруна карабастан, рынокто көптөгөн расмий эмес акча алмаштыруу жайлары болгон. Аларды базарлардан жана Моссовет аймагынан кездеширүүгө  болот, айрым учурда алар жакшыраак тарифти сунушташкан, бирок алардын алмаштыруусу кооптуу жана мыйзамсыз болгон.

Улуттук банк көмүскө валюта алмаштыруу жайлары менен күрөшүп лицензиясы жок жайларды аныктап, айып салууда жигердүү иш жүргүзүп келет. 

2011-жылы Кыргызстанда Valuta.kg сайты ачылган, андан жарандар өлкөдөгү валютанын учурдагы курсу тууралуу өз убагында жана ишенимдүү маалымат ала алышат. Сайттан колдонуучулар Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар тарабынан белгиленген учурдагы алмашуу курстары менен тааныша алышат. 

Ошондой эле, Valuta.kg телеграм каналы финансы боюнча жаңылыктарды жана алмашуу курсунун динамикасынын божомолдорун жарыялап турат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.