«ЭкоИсламикБанк» КМШ өлкөлөрү боюнча «Эң мыкты ислам банкы» наамына ээ болду

Бул тууралуу «ЭкоИсламикБанк» банкынын басма сөз кызматы билдирди.
«AlHuda» ислам банкинги жана экономика борбору (CIBE) тарабынан уюштурулган бул форум 16-июндан 18-июнга чейин Ташкентте өттү. «ЭкоИсламикБанк» ЖАК «CIS Islamic Banking and Finance Awards» эл аралык сыйлыгынын алкагында «Best Islamic Bank» наамына ээ болду («КМШдагы Эң мыкты Ислам Банкы»).
2025-жылдын лауреаттарынын арасында - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бир катар өлкөлөрүнүн алдыңкы банктары, финтех компаниялары жана исламдык каржылоо боюнча адистери бар.
Форумга «ЭкоИсламикБанк» ЖАК жана Кыргызстандын Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, 2025-жылдын июнь айынын башында «ЭкоИсламикБанк» ЖАК ислам банкына өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу КРнын Улуттук банкы 2017-жылдын 22-июнундагы №040 лицензиясынын ордуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкөвалюталарында банктык операцияларды жүргүзүүукугуна №01-ИБ лицензия берилген.
Маалымат үчүн:
«ЭкоИсламикБанк» ЖАК – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген №01-ИБ лицензиясы бар алгачкы ислам банкы. 2008–2023-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын Шариат кеңеши жыл сайын (16 жолу) Банктын ПФИ негизинде жүргүзгөн операциялары шариат принциптерине ылайык болгонун ырастап келген. 2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча Шариат кеңешинин жыйыны 2025-жылдын сентябрь айына белгиленген.
Исламдык банкинг жана экономика борбору AlHuda (CIBE) – ислам каржылоосун өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы эл аралык институттардын бири. Борбор консультациялык жана окутуу кызматтарын көрсөтөт, эл аралык конференцияларды, тренингдерди уюштуруп, шариат стандарттарына ылайык чечимдерди иштеп чыгат.
Сүрөт: «ЭкоИсламикБанк»
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.