Курс USD 87.25 / 87.75
Курс EUR 101.69 / 102.69
Курс RUB 1.104 / 1.129
Курс KZT 0.138 / 0.183
USD USD
87.25 / 87.75
EUR EUR
101.69 / 102.69
RUB RUB
1.104 / 1.129
KZT KZT
0.138 / 0.183

Улуттук банк айрым ченемдик укуктук актыларынын исламдык каржылоо принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө

Бул кадам исламдык финансылык кызматтарды сунуштаган финансы институттарында шарияттык башкарууну жөнгө салууга, ошондой эле салттуу жана исламдык финансы-кредиттик уюмдар үчүн бирдей укуктук чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Улуттук банк айрым ченемдик укуктук актыларынын исламдык каржылоо принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ислам каржылоо принциптери боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу  Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

«Токтом долбоору Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңешинин «Ислам финансылык кызматтарын сунуштаган институттар үчүн шариат башкаруу системалары боюнча колдонмо» стандартына ылайык иштелип чыккан, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын корпоративдик башкаруу кодексине карата минималдуу талаптар тууралуу» 2024-жылдын 27-декабрында кабыл алынган жобого ылайык иштелип чыккан. Документ шариаттык башкаруу процессинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн кеңири регламенттөө максатында иштелип чыккан. Бул документте Бириккен Араб Эмираттарындагы ислам банкингин жүргүзүү тажрыйбасы, ошондой эле «Дар Аль Шариа» эл аралык консультанттарынын шариат аудитинин түзүмү жана бизнес менен этикага шайкештик критерийлери боюнча аналитикалык маалымкаттардагы сунуштары эске алынган», - деп жазылат токтом долбоорунда. 

Документте салттуу финансылык-кредиттик уюмдар менен катар исламдык каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзгөн финансылык-кредиттик уюмдар үчүн да укуктук чөйрөнү теңдөө максатында, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин финансы мыйзамдарын шайкеш келтирүү алкагында рейтинг агенттиктеринин тышкы баалоолорун пайдаланууга байланыштуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

«ЭкоИсламикБанк» ЖАКга улуттук жана чет элдик валюталарда ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилишине байланыштуу, бул долбоордун алкагында пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча КРнын Улуттук банкынын төмөнкү токтомдорун жокко чыгаруу сунушталууда:

  • 2006-жылдын 30-октябрындагы КРда «Ислам каржылоо принциптерин пилоттук долбоор алкагында ишке ашыруу тууралуу» жобону бекитүү жөнүндө КР Улуттук банктын токтому;
  • 2017-жылдын 31-майындагы пилоттук долбоор алкагында жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын каржылык отчеттуулугун түзүүгө болгон талаптар тууралуу» жобону бекитүү жөнүндө КР Улуттук банктын токтому.

Токтом долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

  • ички шариат аудит бөлүмүнүн жана шариат стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын аныктоо жана бөлүштүрүү;
  • бул бөлүмдөрдүн банк жетекчилиги, аткаруу органы жана Шариат кеңеши менен өз ара аракеттенүүсү;
  • Шариат кеңешинин жылдык отчетуна карата талаптар;
  • Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн кесиптик даярдыгына жана өнүгүүсүнө, анын ичинде банк иши, банк мыйзамдары жана эл аралык стандарттар боюнча талаптар;
  • Улуттук банктын тышкы рейтинг агенттиктерин колдонууга карата талаптарына шайкеш келтирүү;
  • башка техникалык мүнөздөгү оңдоолор.

Токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылык каражаттарды талап кылбайт жана терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.

Документ менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Финансы-кредит уюмдары токтом долбооруна карата сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-июлунан кечиктирбестен [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын корпоративдик башкаруу кодексине карата минималдуу талаптар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга 2024-жылдын 12-августунда чыгарылган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.