Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 101.51 / 102.51
Курс RUB 1.114 / 1.136
Курс KZT 0.144 / 0.180
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
101.51 / 102.51
RUB RUB
1.114 / 1.136
KZT KZT
0.144 / 0.180

Туулган күнүң менен Binance! Сегиз жылдык ийгилик фактылар жана сандар менен

Binance, дүйнөлүк блокчейн экосистемасы жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюта алмашуусу, 8 жылдык өсүшүн белгилеп жатат. Бул этап глобалдык коомчулуктун таасирин чагылдырып, криптовалютанын массалык кабыл алынышына жана санариптик каржынын келечегин түзүүгө түрткү берүүдө.
Туулган күнүң менен Binance! Сегиз жылдык ийгилик фактылар жана сандар менен

Платформа 2017-жылы негизделген, бүгүнкү күндө Binance коомчулугу 100дөн ашуун өлкөдөн 280 миллион колдонуучуну бириктирет. Ар апта  сайын ага болжол менен бир миллион жаңы колдонуучу кошулуда, бул санариптик активдердин кабыл алынышы тездегенин көрсөтөт. Платформа адамдарга изилдөө жүргүзүүнү, соода кылууну жана байланышууга гана жардам бербестен, ошондой эле каржылык инструменттерди, төлөм кызматтарын, билим берүү, изилдөө жана социалдык демилгелерди да сунуш кылат.

«Сегиз жыл мурун бизде бир идея болгон: криптовалютаны адамдардын каржылык эркиндигин кеңейтүүнүн негизги жолу кылуу. Кирешени алуу, сарптоо, ээлик кылуу, сактоо жана табуу мунун баары өз акчасына байланыштуу. Бүгүн 280 миллион адам бул идеяны өз жашоосунун бир бөлүгү кылып алышты жана Binance компаниясын ишенимдүү өнөктөш катары тандашты. Биз бул ишеним үчүн ыраазыбыз. Биз өсүп жаткан сайын, биздин миссия өзгөрбөйт», — деп билдиришти компаниядан.

Бүгүнкү күндө Binance криптоиндустриядагы эң жогорку ликвиддүүлүктү камсыздайт жана кеңири продуктулардын түрүн сунуштайт. Коопсуздук чараларына миллиондогон колдонуучулар күн сайын таянышат.

Өткөн 8 жыл ичинде колдонуучулар спот жана деривативдик рыноктордо жалпы 125 триллион АКШ долларына соода жүргүзүшкөн. Орточо күнүмдүк соода көлөмү 91 миллиард доллардан ашат, ал эми платформа күнүгө 217 миллион фьючерс жана спот бүтүмдөрдү иштетет.

The Block агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын июнь айына карата Binance дүйнөлүк спот криптосоода базарынын 41%дан ашыгын ээлейт, бул аны чекене жана институционалдык колдонуучулар үчүн эң артыкчылыктуу платформа экенин далилдейт.

Соода операцияларынан тышкары, платформа сактык, төлөм жана билим берүү жаатында да маанилүү борборго айланган. Binance Earn аркылуу 50 миллиард доллар киреше жана сактык каражаттары колдонуучуларга жеткирилди.

Binance Pay салттуу төлөмдөргө караганда тезирээк жана арзан альтернатива катары 300 миллион транзакция аркылуу 230 миллиард доллар иштеткен. 

Болгону 2022-жылдан 2024-жылга чейин Binance Pay колдонуучуларга которуу комиссияларынан 1,75 миллиард доллар үнөмдөөгө жардам берген, бул криптовалютанын экономикалык жактан аксап жаткан аймактарда жашоону жакшыртуу потенциалын көрсөтөт.

Binance Academy аркылуу 64 миллион адам криптовалюталар тууралуу билим деңгээлин жогорулаткан. Коопсуздук жана жөнгө салуу талаптарына ылайык иш алып баруу өсүштүн негизги өзөгүнө айланган. 2022-жылдын декабрынан бери тобокелдиктерди башкаруу системалары 10 миллиард долларга жакын алдамчылыктын алдын алган, ал эми 215 миллион доллардан ашуун каражат уурдалып кеткенден кийин кайтарылып берилген же тоңдурулган.

Компания укук коргоо органдарынан 241 миңден ашуун сурамга жооп берип, 400дөн ашуун окутуу тренингдерин өткөргөн. Бүгүнкү күндө жөнгө салуу  маселелери менен алектенген кызматкерлер компаниянын жалпы кызматкерлеринин 22%ын түзөт. Ал эми комплаенс чыгымдары 2025-жылы 33%га чейин өсөт деп күтүлүүдө.

Binance тез өсүп жаткан институционалдык базаны жана инновациялык продуктыларды негиз кылып, санариптик активдерге жетүүнү кеңейтип жатат жана дүйнөнүн жаңы каржылык доору менен болгон өз ара аракетин калыптандырууда.

Санариптик активдер индустриясы өнүгүүдө, ал эми Binance жаңы муундагы криптоколдонуучуларды шыктандырууну улантууда. Компания үчүн «8» саны бул өсүшкө, инновацияга жана бардык адамдар үчүн жеткиликтүү каржы системасын түзүүгө берилгендиктин белгиси.

Binance компаниясы Кыргызстанда да өз катышуусун кеңейтип жатат, платформа өлкөдө криптовалюта жана блокчейн-технологиялар үчүн жагымдуу экосистеманы түзүүгө умтулууда. 2025-жылдын май айында Binance жана Улуттук инвестиция агенттиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Бул келишим өлкөдө санариптик активдер индустриясын өнүктүрүүгө, анын ичинде Binance Pay аркылуу криптотөлөмдөрдү киргизүүгө жана Binance Academy аркылуу билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган.

Banks.kg порталы Binance командасын 8 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиздерге өсүп-өнүгүүнү, үзгүлтүксүз иштөөнү жана санариптик каржы тармагында туруктуулукту каалайбыз. Инновациялык чечимдериңиздер миллиондогон адамдардын каржылык мүмкүнчүлүгүн кеңейтсин! Сиздерге жаңы жетишкендиктерди, ишенимдүү өнөктөштөрдү жана дүйнөлүк блокчейн экосистемасындагы күчтүү позицияны сактап калууңуздарга тилектешпиз!

Сүрөт: Banks.kg 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.