Бизнестеги аялдар: Ар бир үчүнчү кепилдик аял ишкерлер үчүн!
2025-жылдын башынан бери жана 18-мартка карата «Кепилдик фонд» ААКсы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 99 кепилдик берген.

Кепилдиктердин жалпы суммасы 65 миллион сомду түзүп, ишкерлерге 193 миллион сомго насыя тартууга мүмкүнчүлүк түздү.
Ошентип, ар бир үчүнчү кепилдик ишкер аялдарга берилет, бул өлкөнүн экономикасында ишкер айымдардын активдүүлүгүнүн өсүп жаткандыгын баса белгилейт.
Негизги көрсөткүчтөр:
- Кепилдиктердин жалпы санынын 42% аялдардын бизнесин колдоого багытталган.
- Берилген кепилдиктердин жалпы суммасынын 33% аялдар жетектеген ишканаларга берилген.
- Күрөө менен алынган бардык кредиттердин 32%ы ишкер аялдарга берилген.
Бул колдоонун аркасында аялдар айыл чарба, өндүрүш, соода, тейлөө жана башка тармактарда бизнести ийгиликтүү өнүктүрүп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатышат.
С этим материалом на русском языке можно ознакомиться по ссылке.
Фото: www
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.