Жана белгилүү болгондой: бизнеске тартипти орнотуп, ишкерлердин күнүмдүк иштерин жеңилдеткен система керек.
Чечим бар – MKassa’дагы товар эсептөө системасы
MKassa сооданы автоматташтыруу үчүн товар эсептөө системасын ишке киргизет. Ал сатуу жана калдыктар боюнча маалыматтарды чогултат жана анализдейт, жаңы товарларды тез түзүүгө, бааларды жаңылоого жана кызматкерлерди көзөмөлдөөгө жардам берет.
Система терминал аркылуу же компьютердеги жеке кабинет аркылуу иштейт – бул кассирдиy ишин бөлбөйт жана ыңгайлуу. Бардык негизги маалыматтар онлайн жеткиликтүү: киреше, кайтарымдар, бардык соода чекиттериндеги нак акча, иштөө сменасынын ачылышы жана жабылышы.
Артыкчылыктары:
- Товар каталогун Excelден жүктөө жана POS-терминал аркылуу тез түзүү;
- Товарларды түзөтүү жана өчүрүү;
- Бааларды жана этикеткаларды басып чыгаруу;
- Үстөк бааны, товардын ашыкчасын жана калдыктарын көзөмөлдөө
- Штрих-код түзүү;
- Кампа операциялары (кабыл алуу, көчүрүү, эсептен чыгаруу жана башкалар).
Сиз кассирди ишинен алаксытпастан, товар менен терминалда же жеке кабинет аркылуу иштейсиз. Эң маанилүүсү – киреше, нак акча, кайтарымдар жана сменалар тууралуу бардык маалымат сиздин колдонмодо дайыма жеткиликтүү.
Товар эсептөө системасы кимге ылайыктуу?
- Азык-түлүк дүкөндөрү – мөөнөттөрдү жана жеткирүүчүлөргө берилген буйрутмаларды көзөмөлдөө;
- Эт дүкөндөрү – салмактык товарларды эсепке алуу, союлган малдын бүтүн же жарым этин эсептен чыгаруу;
- Гүл дүкөндөрү – өздүк баасын жана сапатсыз товарды көзөмөлдөө;
- Азык-түлук эмес чекене – массалык бааларды жаңылоо, Excelден жүктөө, сатуу отчеттору.
Колдонуу пакеттеринин 2 түрү сунушталат – сизге кайсынысы туура келгенин тандаңыз:
- Старттык пакет — 2 мүнөттө товарларды түзүңүз, бааларды жаңылаңыз жана кассаны көзөмөлдөңүз.
- Розница — толук товар эсептөө жүргүзүңүз, жеткирүүчүлөр менен иштеңиз жана сатып алууларды пландаңыз.
Бардык мүмкүнчүлүктөрдү старттык пакет менен акысыз сынап көрө аласыз, техникалык колдоо дайыма кеңеш берип, бардык суроолор боюнча жардам берет. Бардык бизнес тууралуу маалыматтары сизге каалаган жерден жеткиликтүү – соода чекиттерине баруунун жана жеке текшерүүлөргө убакыт коротуунун кереги жок.
Жаңы кардарлар үчүн акция тууралуу да эсиңиздерге салабыз: «Миллионго нөл пайыз» – карталар жана QR аркылуу төлөмдөргө 0% комиссия (31.10.2025ке чейин туташтырсаңыз, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн 3 ай ичинде же 1 000 000 сомго чейин), акысыз POS-терминал жана ККМ, ошондой эле каражаттарды MBANK’ка 24/7 которуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бул MKassa”га туташып, кошумча чыгымсыз заманбап чечимди колдонуу үчүн мыкты учур.
MKassa – кайда экениңизге карабастан, бизнесиңизди оңой башкарсаңыз.
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.