Кыргызстанда ИДП январь-ноябрь айларында 1,6 трлн сомдон ашты

Кыргызстан экономикалык өсүүнүн оң динамикасын туруктуу сактап турат.

Кыргызстанда ИДП январь-ноябрь айларында 1,6 трлн сомдон ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1 трлн 628,6 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,2 пайызга өстү.

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш төмөнкүлөргө туура келди:

  • 49,3% - кызмат көрсөтүү; 
  • товар өндүрүү тармактарынын үлүшү - 35,3% түздү; 
  • продукттарга болгон таза салыктар - 10,5%га жогорулады.  

Бул көрсөткүчтөр экономикадагы оң тенденциялардын улантылышын жана анын базалык тармактарынын чыңдалышын ырастап турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички дүң продуктусу 2025-жылдын январь-октябрь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 триллион 427,4 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га өскөн. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 триллион 240,5 миллиард сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 10%га өскөн.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.