Кыргызстандын өнөр жай продукциясы 595 миллиард сомго жетти

2025-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай дүң продукциясы 595 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,8%га көп.

Кыргызстандын өнөр жай продукциясы 595 миллиард сомго жетти
Иллюстрациялык сүрөт

Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. 

Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын январь-октябрында өсүү 5,3%ды түзгөн.

Алтын өндүрүүчү ишканаларды эсепке албаганда өнөр жайдын өсүүсү 21,03%га жетти.

Тармактар боюнча өсүү лидерлери

Негизги өсүүнү төмөндөгү тармактар камсыз кылды:

  • Фармацевтика тармагы - 2 эсеге көбөйдү;
  • Желим, пластмасса жана курулуш материалдары — +33,8 %га;
  • Тамак-аш, суусундуктар жана тамеки — +33,6%га өскөн;
  • Жыгач, кагаз жана полиграфиялык өндүрүм — +29,4%га өскөн;
  • Химиялык заттар — 19,6 %га;
  • Текстиль жана тигүү — 9,4%га өстү;
  • Кен казып алуу — 17,1%га өстү.

Энергетика жана коммуналдык кызматтар

Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу 15%га өстү, бул электр энергиясын өндүрүүнүн 10,3%га өсүүсү менен байланыштуу.

Суу, калдыктар жана тазалоо сектору 24,6%га өстү, бул сууну чогултуу, тазалоо жана бөлүштүрүүнүн 24,3%га өсүшү менен шартталган.

Экономикага кошкон салымы

Өнөр жай өлкөнүн ИДПсына 1,64% кошкон.

Экономиканын структурасында өнөр жай секторунун үлүшү 17,6% түздү.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.