Маалыматка ылайык, кеп 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөн салык төлөөчүлөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотуу тууралуу болууда.
Буга чейин бул салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналган. Бул маселени жөнгө салуу максатында Салык кызматы тиешелүү ченемди иштеп чыкты. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында мындай салык төлөөчүлөргө карата салыктык жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.
Документ Экономика жана коммерция министрлигине мыйзам долбооруна киргизүү үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын август айындагы салыктык милдеттенмелерден тартып, төлөө мөөнөтү сентябрь айында келген учурда, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык сөзсүз түрдө эсептик каттоого турган жер боюнча төлөнүшү керек.
Буга байланыштуу МСК салык төлөөчүлөргө эсепке турган жерин жана салыктарды төлөө үчүн реквизиттерин алдын ала текшерүүнү сунуштайт, бул салыктын туура эсепке түшүшүн камсыз кылат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.