МСК бизнес үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүп, жасалма интеллект аркылуу көзөмөлдү күчөтөт

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын мындан ары реформалоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

МСК бизнес үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүп, жасалма интеллект аркылуу көзөмөлдү күчөтөт
Сүрөт: МСК

Реформанын биринчи этабында план ашыгы менен аткарылды

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, президент Садыр Жапаров ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөтүү жана бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо боюнча так милдет койгон.

Реформанын биринчи этабында, көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. Жол-жоболорду ыңгайлуу жана ачык-айкын кылып, бюрократиялык жүк азайтылды, отчет берүү жана салык төлөө жеңилдетилди. 

«2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 млрд сомго ашыгы менен аткарды», - деп билдирди Шыкмаматов.

KEZET инспекторду алмаштырат: экинчи этап - Жаңы жылдан кийин башталат

Реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат. Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. 

«Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз», - деди МСК башчысы. 

KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. Ал инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет. 

KEZET тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылды. Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулат. 

Штаттык кыскартуу: жылына миң инспектор

Май айында инспекторлордун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр 3 400 салык кызматкери бар, бир жылдан кийин миңге азайтылмакчы.

«Мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбей тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам», - деп билдирди Шыкмаматов. 

Салык кызматы жазалоочу орган эмес - кызмат

МСК төрагасы, салык кызматы жазалоочу моделден толугу менен кетип, бизнес жана жарандар үчүн толук кандуу сервиске айланышына умтула турганын билдирди. 

«Мамлекеттин башкы милдети – айып салуу эмес, ишкерлерге өз милдеттенмелерин жөнөкөй, ачык-айкын жана ашыкча чыгымдарсыз аткарууга жардам берүү», - деди ал. 

Анын айтымында, мындай кадам ишенимди арттырып, салыктарды ыктыярдуу төлөөгө түрткү берип, туруктуу жана бекем экономикалык чөйрөнү түзөт.

Шыкмаматов бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык жеңилдетилген жана ыңгайлуу шарттар бар экенин белгиледи. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.