Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Баанын кымбатташы төмөнкү кызматтардын түрлөрү боюнча катталган:
- чач тарач кызматтары — 6,8%га;
- жүргүнчүлөрдү аба транспорту боюнча тейлөө — 3,5%га;
- бут кийимдерди оңдоо — 2,9%га;
- амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр — 2,6%га өстү;
- турак жайларды тейлөө жана оңдоо — 2,4%га;
- маданий иш-чараларды уюштуруу — 1,8%ке;
- билим берүү – 1,2%га;
- жүргүнчүлөрдү ташуу— 1,2%га;
- мейманкана жана тойкана кызматтары — 0,8%га.
Ошону менен катар, жыл башынан бери темир жол жүргүнчүлөрдү ташуу кызматына тарифтердин 0,8%га төмөндөшү белгиленген.
Жыл башынан бери тарифтер дээрлик 9%га жогорулады
Жалпысынан ушул жылдын башынан бери тейлөө тарифтери 8,9%га өстү. Эң олуттуу өсүү төмөнкү категориялардf белгиленди:
- билим берүү — 25,9%га өсүү;
- турак жайларды тейлөө жана оңдоо — 20,4%га өсүү;
- маданий иш-чаралар — 12,5%га өсүү;
- чач тарач кызматтары — 11,8%га өсүү;
- амбулатордук кызмат көрсөтүү — 9,9%га өсүү;
- мейманкана кызматтары — 9,6 %га өсүү.
- темир жол транспорту – 8,7%га;
- аба транспорту – 6,5%га;
- кийим тигүү кызматтары – 4,8%га.
Ошол эле учурда он айдын жыйынтыгы боюнча шаарлар аралык автобустук ташуулардын тарифтери 1,7%га, ошондой эле почта байланышы үчүн 0,5%га төмөндөгөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.