Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Адал-продукцияларга коюлган талаптарды бузгандарга ири өлчөмдө айып салынат

2026-жылдын 15-июнунан тарта Кыргызстанда алал-индустриясы боюнча мыйзам бузуулар үчүн жаңы айыптар күчүнө кирет.

Адал-продукцияларга коюлган талаптарды бузгандарга ири өлчөмдө айып салынат
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жаңы нормага ылайык, эми адал-продукцияларды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик белгиленет.

Анда жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ал эми адал-продукциялардын жана адал-кызматтардын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун бузгандыгы же милдеттүү процедураларды өткөрбөстөн сертификаттарды бергендиги үчүн юридикалык жактарга 65 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Ведомство белгилегендей, жаңы чаралар керектөөчүлөрдү коргоого, жасалма адал продукциялары менен күрөшүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө ички жана экспорттук рыноктордо ишенимди жогорулатууга багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.