Август айынын башында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким компаниянын логистикалык борборлоруна жасалган бир катар чабуулдардан ишкерлери эң көп жапа чеккен өлкө катары Кыргызстанды атаган.
«Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Армения, Өзбекстан жана Кытайдын он миңдеген ишкерлери миллиарддаган өлчөмдөгү чыгымга учурашты. Бизге жасалган соккулар - бул он өлкөдөгү жүз миллиондогон адамдарга бир убакта жасалган соккулар», - деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, компания кампанын коопсуздугун чыңдоону улантууда, ошону менен катар негизги милдет товарларынан ажыраган өнөктөштөргө колдоо көрсөтүү бойдон калууда.
Форс-мажордук жагдайлардан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча юридикалык милдеттеме каралбаса да, Wildberries жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөөнүн эки этабын ишке ашырды. Биринчи төлөм 88 000ден ашуун ишкерге берилсе, экинчиси - кошумча 97 000ден ашуун чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө берилди. Мындан тышкары, компания өнөктөштөрүнүн сатуу көлөмүн колдоо максатында сактоо жана логистика боюнча жеңилдетилген шарттарды сунуштап, кардарлар үчүн арзандатууларга өзүнүн инвестициясын көбөйттү.
Орусиянын каржы сектору дагы ишкерлерге колдоо көрсөтүп жатат. Орусия банкы банктарга жана микрофинансылык уюмдарга жабыркаган ишкерлердин насыяларын айып пулдарсыз реструктуризациялоону сунуштады. Өлкөнүн эң ири банкы - Сбер - Wildberries сатуучулар үчүн реструктуризациялоо программасын ишке киргизди, ал эми орус бийлиги салык жеңилдиктери жана насыяларды каникулга алуу сыяктуу кошумча чараларды талкуулап жатат.
Бул маселе Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу. Wildberries кийим-кече, текстиль, үй буюмдары жана башка товарларды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттун негизги булагы бойдон калууда. Алгачкы чабуулдардан кийин КРнын Экономика жана коммерция министрлиги жергиликтүү ишкерлер тарткан чыгымдарды баалоого киришип, натыйжада кошумча колдоо чаралары боюнча талкуулар башталган. Атап айтканда, маркетплейс сатуучуларына салыктык каникулдарды берүү маселеси каралууда.
Ошондой эле дагы бир демилгени Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев көтөрдү. Ал Wildberries маркетплейсине логистикалык кубаттуулуктарынын жана кампаларынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуштады.
Кыргызстандагы коммерциялык банктарынан жергиликтүү сатуучуларды колдоо чаралары боюнча азырынча эч кандай расмий билдирүүлөр келип түшө элек.
Акыркы аптадагы окуялар Кыргызстандагы бизнестин чек ара аралык логистиканын үзгүлтүксүз иштешине канчалык деңгээлде көз каранды экенин көрсөттү. Орусияда ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү механизмдери ишке киргизилгени менен, Кыргызстандагы жабыркаган сатуучуларга жардам берүү маселеси азырынча ачык бойдон калууда. Жергиликтүү бизнестин аймактагы эң ири соода аянтчасындагы позициясын канчалык тез калыбына келтире алары чечимдердин кабыл алынуу ылдамдыгынан көз каранды болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.