Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Wildberries жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөй баштады, бирок кампалар дале чабуулга кабылууда

Wildberries өзүнүн логистикалык комплекстерине жасалган бир катар чабуулдардын кесепеттерин жоюуну улантууда. Компания жабыркаган сатуучуларга алгачкы төлөмдөрдү төлөй баштады. Бирок бул аралыкта кампаларга жаңы соккулар жасалды. Азыркы тапта эмне белгилүү?

Wildberries жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөй баштады, бирок кампалар дале чабуулга кабылууда
Cүрөт: ЖИ

Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын Электросталь, Котовск, Краснодар аймаындагы логистикалык комплекстери, эми болсо - Шушары, Уткина Заводу (Санкт-Петербург жана облус) ошондой эле Симферополдогу кампалары чабуулга кабылды. Буга чейин Краснодар аймагындагы соккунун кесепетинен бир адам каза болгон. Компания каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 2 миллион рубль, ал эми оор абалда жабыркагандарга 1 миллион рублдан төлөп берерин билдирген.

Мындан тышкары, Wildberries Электросталдагы кампада товарлары өрттөлгөн сатуучуларга алгачкы төлөмдөрдү төлөй баштады. Биринчи кезекте 88 миңден ашуун чакан ишкер колдоо алары маалымдалган.

Жаңы чабуулдар боюнча комментарий берип жатып, Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бүгүн Шушарадагы, Уткина Заводдогу (Санкт-Петербург жана облус)  Симферополдогу логистикалык комплекстерибизге чабуул жасалды. Кампалардагы аянттардын жана товарлардын бир бөлүгүн сактап калууга жетиштик. Бардык кампаларда кызматкерлерди ыкчам эвакуациялоо жүргүзгөнү үчүн биздин кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Учурда бардык күч-аракетибиз товарларды кампалар арасында кайра бөлүштүрүүгө, алардын жүгүртүлүшүн ыңгайлуу уюштурууга жана өнөктөштөрүбүздүн экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталууда. Биздин команда күнү-түнү иштеп, силер үчүн платформанын сапаттуу ишин сактап калууга аракет кылууда», - деди ал.

Буга чейин дагы Wildberries компаниясынын эки кампасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Компания логистикалык тутумун кайра уюштурууну улантып, өнөктөштөр үчүн ыкчам маалыматтарды сатуучулардын порталында жарыялап жатат.

Белгиленгендей, чабуулдан жабыркаган кампалардагы товарлары зыян тарткан 88 миңден ашуун Wildberries сатуучулары алгачкы кенемтелерин ала баштады.

Төлөмдүн көлөмү окуя болгон учурда кампада калган товарлардын санына жана алардын наркына жараша эсептелет. Мында компенсация товар сатуучу тарабынан ийгиликтүү сатылгандай тартипте аныкталат.

«Биринчи этапта товардык калдыгы өтө аз болгон сатуучулар дагы каражат алышты. Компания мындай ыкма мүмкүн болушунча көп жабыркаган ишкерлерди кыска мөөнөттө колдоого мүмкүндүк берерин белгиледи», — деп жазылат маалыматта. 

Wildberries компаниясы ошондой эле кенемтелер бир нече этап менен төлөнөрүн билдирди.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн бул жагдай өзгөчө маанилүү. Анткени алардын көбү товарларын сактоо үчүн Wildberries кампаларын колдонушат. Буга чейин КРнын Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик сатуучулар үчүн келтирилген мүмкүн болгон чыгымдын көлөмүнө баа берип жатканын билдирген.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.