Тийиштүү документ коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоору такафул полистери ОСАГО менен бирдей расмий түрдө таанылышын карайт. Бул айдоочуларга ислам принциптерине ылайык берилген документтер менен милдеттүү камсыздандырууну далилдөөгө мүмкүндүк берет.
Учурда камсыздандыруусу жок болгондор үчүн төмөнкүдөй айыптар каралган:
- жеке жактар үчүн 3000 сом;
- юридикалык жактарга 13 000 сом.
Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөр камсыздандыруу кызматтарын тандоону кеңейтүүгө, исламдык каржы инструменттерин өнүктүрүүгө жана жаңы камсыздандыруу мыйзамы кабыл алынгандан кийин пайда болгон укуктук боштуктарды жоюуга жардам берет.
Мыйзам кабыл алынса, такафул Кыргызстанда расмий түрдө автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу системасына кирет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.