Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Эч жерде иштебегендер да камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөсө болот: жол-жобо

Эгерде сиз эч жерде иштебесеңиз, бул камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө тоскоолдук жаратпайт. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы аны кимдер кыла аларын, канча төлөй турганы жана камсыздандыруу полисин каякта каттоосу керектиги тууралуу айтып берди.

Эч жерде иштебегендер да камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөсө болот: жол-жобо
Иллюстрациялык сүрөт

- Эгер мен эч жерде иштебесем, камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыярым менен төлөй аламбы?

- Ооба. Өз ыктыярыңыз менен камсыздандыруу төгүмдөрүн каалаган өлчөмдө төлөсөңүз болот. Бирок белгиленген эң төмөнкү өлчөмдөн кем эмес болушу керек, тактап айтканда орточо эмгек акынын өлчөмүнүн - 10%, 8% же 3%ынан кем эмес. Төлөм камсыздандыруу полисин алуу аркылуу жүргүзүлөт жана учурдагы ай үчүн же келечектеги мезгилдер үчүн гана төлөнөт.

- Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн кайда кайрылуу керек?

- Камсыздандыруу полисин салык кызматынан алууга салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн тариздөөгө болот.

- Канча сумма төлөнөт?

- Минималдуу төгүмдүн өлчөмү тандалган вариантка жана төлөөчүнүн категориясына жараша орточо айлык эмгек акынын 8%, 10% же 3% катары эсептелет.

  • Пенсиялык фондго – орточо айлык эмгек акынын кеминде 8%.
  • Фонддорго бөлүштүрүү менен – орточо айлык эмгек акынын кеминде 10%ы, анын ичинде: 8% - пенсиялык фондго; 2% -  мамлекеттик топтоо пенсиялык фондуна.
  • 3% - жарандардын айрым категориялары жер үлүшү бар дыйкан (фермер) чарбаларынын жетекчилери жана мүчөлөрү, жер үлүшү бар жеке жактар.

Төлөм бир ай үчүн жүргүзүлөт. Аны ай сайын же алдын ала бир нече ай үчүн төлөсө болот.

- Жарандын эсебине түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалыматты кайдан билсе болот?

- Ар бир адамдын жеке эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрү көрсөтүлүп турат. Ал маалыматты Социалдык фонддон же «Түндүк» тиркемеси аркылуу алууга болот.

- Камсыздандыруу төгүмдөрүн кантип төлөсө болот?

- Төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:

  • банктардын бөлүмдөрү аркылуу;
  • төлөм терминалдары жана жергиликтүү терминалдар аркылуу;
  • электрондук капчыктар аркылуу;
  • интернет-банкинг жана мобилдик банк тиркемелери аркылуу;
  • салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде түзүлгөн жеке QR-код аркылуу.

- Камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөнү тууралуу квитанцияны же чекти кантип алууга болот?

- Эгерде төлөм банк аркылуу (кассада же филиалда) же төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлсө, төлөөчүгө төлөмдү ырастаган расмий кагаз квитанция берилет. Эгерде төлөм электрондук капчыктар же мобилдик банкинг аркылуу жүргүзүлсө, электрондук квитанция түзүлөт. Ал тиркемеде сакталат жана зарыл болсо жүктөп алууга же басып чыгарууга болот.

- Толук маалыматты кайдан алса болот?

- Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматты МСКнын расмий сайтындагы «Билим базасы – Камсыздандыруу төгүмдөрү» бөлүмүнөн же жашаган жериңиздеги салык органдарынан алууга болот.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.