FINCA Банкы калктын финансылык сабаттуулугун 2012-жылдан бери өнүктүрүп келет. Бул масштабдуу агартуу иштеринин артында тренингдерди өткөрүп гана тим болбостон, окуу программаларын өз алдынча иштеп чыккан, жаңы тренерлерди даярдаган жана тажрыйбасын кесиптик коомчулук менен бөлүшкөн адистердин командасы турат.
Өзүнүн иши, кесипке карай басып өткөн жолу жана окутуудагы эң сүйүктүү учурлары тууралуу FINCA Банкынын персоналды окутуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн тренери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасы боюнча сертификатына ээ, тренер Жылдыз Базаркулова айтып берди.
- Жылдыз, FINCA Банкына кантип келип калдыңыз жана эмне үчүн адамдарды окутуу менен алектенүүнү чечтиңиз?
- Мен Кыргыз-Түрк «Манас университетин бүтүргөм, ал жактан финансы жана банк иши боюнча билим алгам. FINCA Банкында маалыматтар базасынын операторунан тартып кредиттик экспертке жана жетекчиге чейинки жолду басып өттүм. Банкка өзүнүн кредиттик эксперттерин окутуп бере турган адис керек болуп, 2017-жылы окутуу бөлүмүнө келгем. Ал убакта менде жетиштүү практикалык тажрыйба бар болчу, анткени кызматтык тепкичтин бир топ баскычтарынан өткөм.
Кийин кесиптештеримди окутуу менен гана чектелбестен, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси менен да алектене баштадым. Жаңы багытты сынап көргүм келди. Ошондо мен билимим менен бөлүшүү, тренерлер командасын даярдоо жана окутуу, окуу материалдарын иштеп чыгуу, татаал темаларды түшүндүрүүнүн кызыктуу жолдорун издөө мага чындап жагарын түшүндүм.
- 2019-жылы КРнын Улуттук банкынын программасы боюнча сертификатка ээ мастер-тренер болдуңуз. Сертификатты кантип алдыңыз жана бул окуу сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачты?
- Ал учурда даярдык олуттуу деңгээлде жүргүзүлчү: биз окуудан өтүп, экзамендерди тапшырып, сабактарды өткөрүүнүн методикасын өздөштүрдүк. Сертификат алгандан кийин башка тренерлерди даярдоо керек болду. Мени FINCA Банкынын кызматкерлерин окутууга дайындашкан. Алар кийин өз алдынча тренингдерди өткөрө башташты.
Кийин финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча АМФО жана Эл аралык эмгек уюмунун долбоорлоруна катыштым. Ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган REMIT PRIME долбоорунда мастер-тренер болуп иштедим, окуу материалдарын жаңыртууга жана тренерлерди даярдоого катыштым.

- FINCA Банкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кандай иштерди жүргүзөт?
- Бизде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеген тренерлердин командасы бар. Алар мектептерде, колледждерде, университеттерде, мамлекеттик жана жеке уюмдарда сабактарды өткөрүшөт. Тренерлер бул ишти негизги кызматтык милдеттерине кошумча аткарышат. Көбүнчө тренерлер мектептерге жана университеттерге өздөрү сунуш киргизип, тренинг өткөрүүнү сунушташат. Ошондой эле коомдук уюмдардын, тигүү цехтеринин жана башка компаниялардын өкүлдөрү кызматкерлеринин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча сабактарды өткөрүп берүү өтүнүчү менен өздөрү кайрылышат. Аймактардагы адамдар ачык-айрым болуп, байланышка оңой чыгарын белгилөөгө болот. Алар жаңы нерселерди билүүгө жана үйрөнүүгө кызыгышат.
Биздин тренингдер бир жолку иш-чаралар менен чектелбегени мени кубандырат: банк бул багытты 2012-жылдан бери өнүктүрүп, программаларды тынымсыз өркүндөтүп, тренерлерди даярдап келет. 2025-жылдын аягына карата 3 миңден ашык тренинг өткөрүлүп, аларга 70 миңден ашуун адам катышкан. Бул сандардын артында команданын чоң эмгеги турат.
- Катышуучуларды кайсы темалар көбүрөөк кызыктырат?
- Көптөгөн суроолор насыяларга жана акча топтоого байланыштуу. Адамдар көбүнчө кирешеси аз болсо, акча топтоо мүмкүн эмес деп эсептешет. Биз болсо аз суммадан да баштоого болорун түшүндүрөбүз. Эң башкысы - акчаны үзгүлтүксүз топтоо адатын калыптандыруу жана акчага жоопкерчилик менен мамиле кылуу.
Акыркы жылдары финансылык алдамчылык темасы өзгөчө актуалдуу болуп калды. Катышуучулар өздөрүнүн же жакындарынын башынан өткөн чыныгы окуяларды талкуулаганды жакшы көрүшөт. Биз шектүү билдирүүлөрдү жана чалууларды кантип таануу керектигин, ошондой эле адам алдамчыларга алданып калган учурда эмне кылышы керектигин талдап чыгабыз.
- Ар кандай аудитория менен иштөөдө аларга кантип туура мамиле таба аласыз?
- Чынында, баары катышуучулардан көз каранды. Биз окуучулар, студенттер жана чоңдор үчүн материалдарыбызды үзгүлтүксүз ылайыкташтырып турабыз. Презентацияларды колдонобуз, катышуучулар менен баарлашабыз жана мисалдарды практика жүзүндө талдайбыз.
Ишибиздеги эң маанилүү нерсе - маалыматты адамга жеткирүү. Ошол эле учурда жөн гана айтып берүү жетишсиз, бул билимди күнүмдүк жашоодо кантип колдонсо болорун түшүнүүгө да жардам беришибиз керек. Тренинг 45–60 мүнөткө созулат, ошондуктан биз билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын тест өткөрбөйбүз. Бирок катышуучу өзү жаңы эмнелерди үйрөнгөнүн жана финансылык сабаттуулуктун кайсы эрежесин мындан ары жашоосунда колдоно турганын айтып берсе, анда сабак текке кетпегенин түшүнөсүң.
- Тренер болуп иштөөдө сизге эң көп эмне жагат?
- Бул иш мага өзүмдүн да тынымсыз билим алып туруума, ар кандай адамдар менен жолугушууга жана алардын тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергени жагат. Ар бир аудитория өзгөчө: жаштар, Кыргызстандын аймактарындагы адамдар, ишкерлер. Алардын ар бири менен тил табышуунун жолун издөө керек.
Мен финансылык сабаттуулук үчүн чоң кирешенин болушу шарт эмес деп эсептейм. Кээде аз өлчөмдө акча топтоодон баштап, чыгашаларды пландаштырууну үйрөнүү жана финансылык чечимдерди жоопкерчилик менен кабыл алуу жетиштүү.
- Маегиңиз үчүн рахмат!

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.