Курс USD 87.28 / 87.74
Курс EUR 100.78 / 101.78
Курс RUB 1.107 / 1.131
Курс KZT 0.146 / 0.177
USD USD
87.28 / 87.74
EUR EUR
100.78 / 101.78
RUB RUB
1.107 / 1.131
KZT KZT
0.146 / 0.177

Кыргызстандын банктары кызмат көрсөтүүлөрүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлаштырат

Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга милдеттүү.
Кыргызстандын банктары кызмат көрсөтүүлөрүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлаштырат

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 9-июлунда КРнын Улуттук банкы тарабынан 2015-жылдын 15-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында аралык/дистанциялык кызматтарды көрсөтүүгө минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Токтомго ылайык, ишке ашырылып жаткан мобилдик тиркемелер, ошондой эле 2025-жылдын 1-августунан тартып сатып алынган банкоматтар жана төлөм терминалдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ишке ашырылган атайын функцияларга же башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек жана аларга мобилдик тиркемелерде, банкоматтарда жана төлөм терминалдарында транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бериши керек.

Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар 2025-жылдын 1-августуна чейин орнотулган банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ыңгайлаштырууга милдеттүү.

«Кыргыз Республикасында аралык/дистанциялык кызмат көрсөтүүгө минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 7-1-пунктунда төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:

«Кызмат көрсөтүүчү мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын атайын функциялар менен же башка мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде үчүнчү жактар тарабынан сунушталган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтардан пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү чечимдерди камсыз кылууга, ошондой эле аларга бул мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ишке ашырылган атайын функциялар аларга мобилдик тиркемелерде, банкоматтарда жана төлөм терминалдарында транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бериши керек (шрифттердин өлчөмү, бөлүмдөр, аудиону коюу ылдамдыгы, түстөрдүн контрасты ж.б)».

Токтом 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, 2025-жылдын март айында Улуттук банктын 2015-жылдын 15-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында аралык/дистанциялык кызматтарды көрсөтүүгө минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Документ коомдук талкууга коюлган.

Токтом долбоору «2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында калктын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендери үчүн жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында иштелип чыккан.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.