Кыргызстандыктар мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөшү керек

Салык кызматы кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрында аяктарын маалымдайт.

Кыргызстандыктар мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөшү керек
Иллюстрациялык сүрөт

2025-жылдын январь-август айларына карата жыйынтык:

  • турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 млн сомду түздү.
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 млн сом салык түшкөн.

Автоматтык түрдө эсептөө модулу аркылуу салык төлөөчүлөрдүн кабинеттерине 2 млн 377 миң 232 билдирүү жөнөтүлгөн.

1-сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөш керек:

  • турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты кантип төлөп жана текшериш керек

Төлөнө турган салыктын суммасы жөнүндө маалымат салык төлөөчүнүн кабинетине жиберилди. 

  • Салыкты төлөө төлөм коду; 
  • QR-кодун түзүү жолу менен.  

Эсиңизде болсун

Салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып салынат.

Мүлк салыгы, аны төлөө тартиби жана берилген жеңилдиктер жөнүндө толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.