Салык боюнча карызы бар кыргызстандыктарга эми SMS келет

Салык кызматынан билдиришкендей, мындай кызматташуу жеке жана юридикалык жактардын салыктык карыздарынын абалы, ошондой эле салыктык башкаруу процессинде салык органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Кабарлоо системасы кантип иштейт
Салык төлөөчүлөргө маалымат жөнөтүү жол-жобосунун алкагында, салык инспектору билдирүү чыгарганда ал автоматтык түрдө:
- cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине;
- салык төлөөчүгө жөнөтүү үчүн уюлдук байланыш операторлоруна тексттик билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
Мисалы, билдирүү КР МСК
Жөнөткөн: GNS KR
«Урматтуу салык төлөөчү [аты-жөнү же уюмдун кыскартылган аталышы], сиз [Биринчи май] району боюнча МСКБга карызыңыз бар. Сиздин жеке кабинетиңизге карызды төлөө жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү. Мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонуунун алдын алуу үчүн жеке кабинетиңиз же өзүңүз каалаган банк мекемеси аркылуу карызыңызды төлөөңүздү суранабыз».
Билүү маанилүү:
- Расмий жөнөтүүчүнүн аталышы: GNS KR
- Билдирүүлөрдө шилтемелер, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтары болбойт;
- Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жалпы билдирүү жиберүү үчүн үчүнчү жактын кызматтарын же платформаларын колдонбойт.
Салык кызматы жарандардан сак болууну, жөнөтүүчүнүн расмий аталышы жазылган билдирүүлөргө гана ишенүүнү жана салык төлөөчүнүн кабинетиндеги маалыматты өз убагында текшерүүнү суранат.
Салык кызматы салыктык башкаруунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чараларын улантат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.