Кыргызстан менен Кытайдын каржы институттары чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулашты

Бул тууралуу Улуттук банктын жана Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу финансылык-экономикалык кызматташууну бекемдөөнүн алкагында уюштурулду. Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана эки мамлекет ортосундагы банктык эсептешүү байланыштарын чыңдоо сүйлөшүүнүн негизги темасы болду.
«Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин финансылык институттары ортосунда түз жана туруктуу өз ара иш алып баруу каналдарын түптөө, атап айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарын Кытайдын CIPS чек ара аркылуу банктар аралык төлөмдөр системасына туташтыруу демилгеси, ошондой эле Кытайдын ыйгарым укуктуу банктарында кыргыз банктарынын корреспонденттик эсептерин ачуу стратегиялык мааниге ээ экендиги баса белгиленди», - деп жазылат Улуттук банктын маалыматында.
Көрсөтүлгөн механизмдерди ишке ашырууда өлкөлөр ортосунда, айрыкча юань түрүндө тышкы соода операциялары жана эсептөөлөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү кыйла жөнөкөйлөтүүгө жана баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Бул эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, туруктуу жана ишенимдүү төлөм инфраструктурасын түзүүгө, ошондой эле улуттук валютаны кеңири колдонууга өтүүгө да өбөлгө түзөт.
«Кыргыз тарап Кытайда лицензияланган төлөм уюмун түзүү же сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай түзүм кытай компаниялары жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү кыйла жөнөкөйлөтүүгө, КЭРдин улуттук төлөм системаларына (анын ичинде CIPS, CNAPS, UnionPay жана башкалар) кошулууга, ошондой эле кыргыз бизнесинин кытай рыногундагы финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирди Финансы министрлигинен.
Кыргызстан Кытай Эл банкы жана Финансыны жөнгө салуу боюнча улуттук администрациясы менен системалуу диалог жүргүзүүгө даяр экендигин ырастап, Кытай Эл Республикасындагы потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Кыргызстан эсептешүү инфраструктурасы жаатында стратегиялык өнөктөштүккө ачык жана муну эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун жана эки өлкөнүн тең реалдуу секторун колдоонун маанилүү кадамы катары көрөт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.