Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

КРнын банк-резиденттеринин чет өлкө валютасындагы чек ара аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

Кыргызстанда чек ара аркылуу төлөмдөрдү жеңилдетүү үчүн шарттар түзүлдү. Жаңы өзгөртүүлөр КРнын банктарына эл аралык төлөм системалары аркылуу контракттык төлөмдөр боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

КРнын банк-резиденттеринин чет өлкө валютасындагы чек ара аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди
Сүрөт: Banks.kg

Улуттук банк Башкармасы 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-мартындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомун кабыл алды. 

Токтом төмөнкү максатта кабыл алынды: 

  • КРнын банк-резиденттеринин чет өлкө валютасындагы чек ара аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн убактылуу жөнгө салуу шарттарын түзүү;
  • банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу. 

2-1. Кардарлардын тышкы экономикалык операциялар боюнча товарлар, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн чек аралар аркылуу төлөмдөрүн бир учурда төмөнкү критерийлерге жооп берген эл аралык төлөм системаларынын инфраструктурасы аркылуу жүргүзүү максатында, коммерциялык банктарга банк-резиденттер менен чет өлкө валютасында эсептер боюнча корреспонденттик мамиле түзүүгө уруксат берилсин: 

  • система ичинде борборлоштурулган клиринг жана акыркы жана кайтарылгыс эсептешүүлөрдүн болушу;
  • системанын алкагында катышуучулардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү жана/же катышуучуларга башка эсептик кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү;  
  • тиешелүү эл аралык төлөм системасы каттоодон өткөн мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жөнгө салынган жана көзөмөлү астында иштеген. 

2-2. Чек аралар аркылуу эсептешүүлөрдү камсыз кылган эл аралык төлөм системасынын тике катышуучусу болуп саналган банк-резидент төмөнкүлөргө милдеттүү:  

  • банк-резиденттердин кардарларынын чек аралар аркылуу төлөмдөрүн жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди, анын ичинде ликвиддүүлүк, эсептешүү, операциялык, укуктук, комплаенс-тобокелдиктерин, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерди, ошондой эле эл аралык санкцияларды колдонууга байланыштуу санкциялык тобокелдиктерди баалоого жана операцияларды жүргүзүүгө чейин мындай тобокелдерди башкаруу системасын камсыз кылууга;
  • операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кадрдык, технологиялык жана башка ресурстардын жетиштүү экендигин баалоого жана операциялардын көлөмүнө жана кабыл алынуучу кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин, комплаенс-тобокелдиктердин, санкциялык тобокелдиктин ж.б. деңгээлине жараша контролдоо бөлүмдөрүнүн ресурстарынын болушун жана жетиштүүлүгүн камсыз кылууга;
  • ушул токтомдун алкагында жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын аткарылышын камсыз кылууга; 
  • өз кардарларынын жана банк-резиденттердин кардарларынын төлөмдөрүн үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн жетиштүү деңгээлдеги ликвиддүүлүктү, анын ичинде чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
  • кардарлардын тышкы экономикалык операциялар боюнча милдеттенмелери болгон учурда корреспонденттик эсептерди ушул токтомдо каралган операцияларды жүргүзүү үчүн гана пайдаланууну камсыз кылууга; 
  • бардык транзакцияларды эл аралык төлөм системасынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү талаптарга ылайык келүүсүн текшерүүгө, ошондой эле кардарды, пайда алуучуну (эгерде бар болсо), төлөм багытын жана операциянын экономикалык маанисин идентификациялоо үчүн жетиштүү маалыматтардын болушун камсыз кылууга, көрсөтүлгөн маалыматтар жок же жетишсиз болгон учурда операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө;  
  • төлөм кызматтарын көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда маалыматтык коопсуздукту жана өз кардарларынын жана банк-резиденттердин кардарларынын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылууга;
  • операциялардын көлөмүнө жана тобокелдиктердин топтолушуна ички лимиттерди, анын ичинде бир банк-резидентке карата лимиттерди белгилөөгө;
  • ушул токтомдун алкагында жүзөгө ашырылуучу операцияларды өзүнчө чагылдырууну/эсепке алууну камсыз кылууга; 
  • банк-резиденттердин кардарларынын төлөмдөрү жөнүндө маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга, мындай маалыматтан пайдаланууну чектөөгө жана аны операцияларды жүргүзүү, тобокелдиктерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында гана колдонууга;  
  • Улуттук банктын суроо-талабы боюнча жүргүзүлгөн транзакциялар жөнүндө отчетторду берүүгө. 

2-3. Ушул токтомдун 2-2-пунктунда көрсөтүлгөн банк-резидент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, корреспонденттик мамилелерди жөнгө салуучу келишимде жана тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча ички жол-жоболордо каралган учурларда төлөмдү жүргүзүүдөн баш тартууга, операцияны жүргүзүүнү токтотууга же корреспонденттик мамилелерди токтотууга укуктуу.  

Операцияларды жүргүзүүдө акча каражаттарын кармап турууга, кайтарып берүүгө же токтотуп турууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу тартиби корреспонденттик мамилелерди жөнгө салган келишимде аныкталат. 

2-4. Банк-резиденттер ушул токтомдун 2-2-пунктунда көрсөтүлгөн банк-резиденттин суроо-талабы боюнча операциянын экономикалык маңызын тастыктаган документтерди жана маалыматтарды (анын ичинде инвойсторду, контракттарды жана башка тастыктоочу документтерди), ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында зарыл болгон маалыматтарды, ички көзөмөлдү жана тобокелдиктерди жөнгө салууга байланыштуу негиздер болгон учурда берүүгө милдеттүү. 

2-5. Ушул токтомдун 2-2-пунктунда көрсөтүлгөн банк-резидент:  

  • ушул токтомго ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон операцияларды кошпогондо, банк-резиденттердин чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептери боюнча жана көрсөтүлгөн эл аралык төлөм системасы аркылуу ушул токтомдо каралбаган операцияларды, анын ичинде банктар аралык эсептешүүлөрдү, клирингдик операцияларды жана өз ара эсептешүүлөрдү, ошондой эле тышкы экономикалык операциялар боюнча товарлар, жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө байланышпаган операцияларды жүргүзүүгө укугу жок;  
  • ушул токтомдун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүчөйрөсүндөгү, анын ичинде банк-резиденттердин кардарларынын транзакцияларын жүзөгө ашырууда талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

2-6. Ушул токтомдун 2-2-пунктунда көрсөтүлгөн банк-резидент ушул токтомдун алкагында операцияларды жүргүзүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мындай операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган эл аралык төлөм системасы жөнүндө билдирет. 

Улуттук банк көзөмөл ишинин алкагында операцияларды жүргүзүүнүн көлөмү жана шарттары боюнча кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул токтомдун талаптары бузулган учурда же тобокелдиктерди башкаруу системасы жетишсиз болгон учурда аларды жүргүзүүнү токтото турууга укуктуу. 

2-7. Улуттук банктан банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган жаңы түзүлгөн банк-резиденттерге банк ишин жүзөгө ашыруунун алкагында кардарлардын төлөмдөрүнүн жүзөгөашырылышын жана контрагенттер алдында милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында банк-резиденттердин бири менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилсин.  

Бул корреспонденттик эсептер Улуттук банктан банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алган банк-резиденттер резидент эмес банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга чейин, бирок банк лицензия алган учурдан тартып алты айдан ашпаган мөөнөт ичинде иштей алат.

3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат, мында 2-1, 2-2, 2-3, 2-4, 2-5, 2-6, 2-7-пункттар 2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Документ менен толугураак бул шилтемени басып таанышууга болот. 

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2022-жылдын 10-мартында «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган. Банк тутумунда ликвиддүүлүктү колдоо үчүн коммерциялык банктарга резидент-банктардын ортосунда чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилген. 

Банк тутумунун туруктуулугун колдоо максатында КРнын УБ Башкармасы төмөнкүлөрдү чечкен:

  • КРнын УБ тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин коммерциялык банктар үчүн:
  • жаңы кредиттер боюнча 300% кредиттик тобокелдиктин рейтингин белгилөөгө;
  • акча каражаттарын сактоо максатында банк-резиденттерде чет өлкө валютасында корреспонденттик эсептерди ачууга уруксат берүү.

Бул токтомго ылайык, жаңыдан берилген кредиттер төмөнкүлөрдү камтыбайт:

  • ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин же коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилген кредиттер (кредиттик линиялар);
  • ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин же ага чейин бекитилген кредиттик линиялардын транштары;
  • карыз алуучунун жалпы кирешесинде валюталык кирешенин үлүшү 75%дан ашкан кредиттер.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.