2026-жылдын биринчи жарымында доллардын расмий курсу мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик өзгөрүүсүз калды, өсүү болгону 0,2%ды түздү.
Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Ошону менен катар орус рублу эң көп кымбаттап, 13,8%га жогорулады. Ал эми евронун курсу 6,9%га, казак теңгесинин курсу 5,5%га өстү, ошол эле учурда өзбек суму мурунку жылдагы деңгээлинде сакталып калды.
Май айына салыштырмалуу июнда абал өзгөрдү: евро 1,1%, рубль 0,3%, теңге 3,9%га арзандаса, өзбек суму 37%га төмөндөдү. Ошол эле учурда доллардын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,45 сомду түздү.
Биздин сайттан нак жана накталай эмес операциялар үчүн колдонулуучу сатып алуу жана сатуу боюнча учурдагы валюталар курсу менен тааныша аласыз.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.