Кыргызстан бизнес үчүн берилүүчү уруксат документтерди 50%га кыскартат

Кыргызстан бизнес үчүн берилүүчү уруксат документтерин масштабдуу кыскартууга даярданууда.

Кыргызстан бизнес үчүн берилүүчү уруксат документтерди 50%га кыскартат

Юстиция министрлиги документтер боюнча регулятордук гильотинаны ишке киргизүү башталганын билдирди, натыйжада бизнес үчүн уруксат документтери 55–60% га чейин бир жолку жана олуттуу кыскартуулар күтүлүүдө.

Экономика жана коммерция министрлиги «Коом-талкуу» порталында президенттин Жарлыгын коомдук талкууга чыгарды. Буга акыркы жылдары берилген уруксат документтерине жасалган кеңири инвентаризация негиз болду. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн катышуусу менен 900дөн ашуун лицензия, уруксат, күбөлүк, милдеттүү сертификация, аккредитация, экспертиза жана башка уруксат берүүчү документтер талданды.

Жалпы 74 мамлекеттик орган катышып, учурдагы регулятордук жүктүн толук көрүнүшү аныкталды. 

Анализдин жыйынтыгында төмөнкүдөй тыянактар чыкты:

  • 214 документ (23,64%) – көйгөйлүү же эскирген деп табылып, жокко чыгаруу сунушталды;
  • 58 документ (6,41%) – башка органдарга өткөрүп берилиши мүмкүн;
  • 87 документ (9,61%) – формалдуу түрдө уруксат документтери деп эсептелгени менен, чындыгында такыр андай эмес;
  • 36 документ (3,98%) – учурда берилбейт же күчүн жоготкон;
  • Бизнес-коомчулуктан да сунуштар алынып, 16 документти жокко чыгаруу же жөнөкөйлөтүү сунушталган.

Жыйынтыгында жаңыланган системада 431 уруксат документинен турган тизмек түзүлдү — бул жалпы санынын эки эседен көп кыскарганын билдирет. Тизмеге кирбеген документтер Президенттин Жарлыгы кабыл алынгандан кийин жараксыз деп табылат.

Ошондой эле жарандар жана ишкерлер тизмеде жок болгон кошумча уруксаттарды албай эле иш жүргүзө алышат. Долбоордо мамлекеттик органдарга мурда жокко чыгарылган же тизмеге кирбеген документтердин жоктугу үчүн санкция колдонууга тыюу салынары так белгиленген.

Министрлер Кабинетине алты ай ичинде бардык нормативдик укуктук актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди. Ал эми тиешелүү ведомстволор калган уруксат документтери боюнча жөнөкөйлөтүлгөн, ачык жана түшүнүктүү процедураларды иштеп чыгышы керек.

Реформа регулятордук жүктү азайтуу, функциялардын кайталануусун жоюу, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүү жана мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.