Кыргызстанда «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемесин пилоттук режимде ишке киргизди. Азыркы учурда аны Play Market аркылуу жүктөп алууга болот, жакында App Store платформасында да жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Фото: www

Мобилдик тиркеме аркылуу бир катар нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн: жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү, жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү, паспорт алуу, жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарын коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүү.

Тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде жүргөн жарандарга, юридикалык жактарга карата, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда аткарылат.

Жаңы санариптик курал нотариат тутумун реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызматтарга аралыктан жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.

Тиркемени жүктөп алыңыздар.

Эске салсак, Кыргызстанда нотариалдык ишмердүүлүк эрежелери жаңыланган. Ал министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтому менен бекитилген.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.