Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети билдирди.
Учурда Кыргызстандын финансы секторунун инфраструктурасына төмөнкүлөр кирет:
- КРнын Улуттук банкы - өлкөнүн башкы финансылык жөнгө салуучусу, акча-кредит саясатын аныктап, системага көзөмөл жүргүзөт;
- 26 коммерциялык банк - акча-кредит системасынын негизин түзөт;
- 436 банктык эмес финансы-кредиттик уюм - аймактарда микрофинансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт;
- 19 камсыздандыруу компаниясы - ишкерлердин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргойт.
Тармактагы жумуш менен камсыз болгондордун жалпы саны 32 миң адамдан ашат.
2026-жылдын I жарым жылдыгында 2025-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу республиканын финансы секторунда:
- кирешелер 166,8 млрд сомду түздү (62,7 млрд сомго же 60,3%га өстү);
- жалпы чыгашалар - 102,6 млрд сом (37,4 млрд сомго же 57,4%га өстү);
- финансылык натыйжанын сальдосу - 64,1 млрд сом (25,2 млрд сомго же 64,9%га өстү);
- кардарлардын саны - 26 миллиондон ашты (6,8 млнго же 34,6%га өстү).

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.