BIFF-2025: Кыргызстан санариптик инновацияларга жана эл аралык өнөктөштүккө ачык

BIFF-2025 иш-чарасынын уюштуруучусу өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргызстан банктар союзу болду.
«Быйыл биз каржы рыногунун негизги катышуучуларын, финтех жана санариптик технологиялар боюнча эксперттерди чогултуп, «Инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүгүү: финансылык экосистеманын келечеги» аталышындагы теманы талкууладык», - деп билдирди Кыргызстан банктар союзу.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев BIFF-2025 форумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан санариптик финансы чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу үчүн ачык жана өнөктөштүккө, инвестицияларга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин белгиледи.
«Бүгүн биз маалыматты иштеп чыгуу технологиялары финансы чөйрөсүн гана эмес, мамлекеттердин башкаруу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негиздерин да өзгөртүп жаткан жаңы санариптик доордун босогосунда турабыз. Буга байланыштуу санариптештирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын стратегиялык артыкчылыгы болуп саналат», - деп белгиледи ал.
Ал Кыргызстан санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырып,технологияга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап финансылык экосистеманы калыптандырып жатканын кошумчалады.
«Биз электрондук төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн санариптик платформаларды активдүү өнүктүрүп, финтех-стартаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. 2023-жылдан тартып өлкөдө банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер менен интеграцияланган улуттук стандарттагы QR-коддорун колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөр системасы ийгиликтүү өнүгүүдө. 2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзамга кол койгондон кийин өлкөдө негизги стратегиялык демилгелердин бири - санариптик сомду киргизүү башталды. Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу экономиканын дээрлик бардык тармактарын камтыйт жана улуттук санариптик экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат», - деп белгиледи МинКаб төрагасы.
Форумдун башкы өнөктөшү – Visa Inc. Стратегиялык өнөктөш – Касперский лабораториясы. Форумдун өнөктөштөрүнүн арасында: «Freedom Broker Kyrgyzstan» эл аралык брокердик компаниясы, «Элдик Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК, «О!Банк» ААК бар.
BIFF-2025 иш-чарасынын маалыматтык өнөктөшү Banks.kg порталы болду.
Эске салсак, 2024-жылдын май айында BIFF-2024 Бишкекте «Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги» аталышындагы темада өткөн. Форумдун өнөктөштөрү болуп «FIDO Biznes» IT компаниясы, «Бакай Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «ФИНКА Банк» ЖАКсы катышкан.
BIFF-2023 улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган. «Технология. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүгүү » аталышындагы темаларда өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Швейцария, Монголия, Пакистан жана АКШдан 320 делегат катышкан.
Маалымат үчүн:
BIFF – бул жыл сайын өтүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат, ал пикир алмашуу, акыркы тенденцияларды талкуулоо, IT чечимдерин сунуштоо жана Кыргыз Республикасында жана башка коңшу өлкөлөрдө өнөктөштөрдү табуу үчүн оптималдуу аянтча болуп саналат.
Сүрөт: МинКаб
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.