Маалыматка ылайык, анын жалпы суммасы 1,2 млрд сомду түзөт.
Анын ичинен 646, 56 млн сом 2026-жылга, ал эми 553, 44 млн сом 2027-жылга каралган.
Көрсөтүлгөн суммага төмөнкүлөр кирет:
- кайра добуш берүүнү өткөрүүгө каралган - 240 млн сом;
- Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандардын добуш берүүсүнө 53, 2 млн сом киргизилген.
- 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын чыгымдары, анын ичинде өлкө аймагынан тышкары жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо участкасы;
- аралыктан добуш берүү үчүн 40 кошумча шайлоо участкасы.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 26 819 адамды түзөт. Анын ичинде 5 066 автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн операторлору жана 5 066 идентификациялоо операторлору бар. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт. Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган.
Атап айтканда, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууга, байланыш менен камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды даярдоого жана басып чыгарууга, зарыл болгон товарларды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга, шайлоо жабдууларын аймактарга жеткирүүгө жана кайра кайтарууга, ошондой эле шайлоо документтерин, жабдууларды жана таркатылуучу материалдарды ташууга кеткен чыгымдар каралган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.