Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.29 / 102.29
Курс RUB 1.088 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.29 / 102.29
RUB RUB
1.088 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногундагы бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталганын билдирди.
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногундагы бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат

Ведомстводон билдиришкендей, мыйзам долбоору боюнча иштер бюрократизациялоо, санариптик трансформация жана өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртуу курсунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты - административдик жүктү азайтуу, ашыкча талаптарды жок кылуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана ачыктыкты жогорулатуу аркылуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү.

Негизги милдеттер:

  • коомдук компаниялар тарабынан маалыматты ачыкка чыгаруунун санариптик механизмдерин ишке ашыруу;
  • кесипкөй катышуучуларды аттестациялоону өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга өткөрүп берүү;
  • акционердик коомдорго ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө өткөн жылдагы бөлүштүрүлбөгөн пайдадан дивиденддерди төлөө укугун берүү.

Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • ишканалардын финансылык пландаштыруусунун ийкемдүүлүгүн жогорулатат;
  • эмитенттердин инвестициялык жагымдуулугун жана репутациясын бекемдейт;
  • пайда жок болгон учурда да акционерлерге дивиденддерди алууга мүмкүндүк берет;
  • миноритардык акционерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу; 
  • фондулук рыноктун өнүгүшүнө жана экономикага узак мөөнөттүү инвестицияларга түрткү берүү.

2022-жылдын финансылык отчетуна ылайык, 140 акционердик коом жалпысынан 73,8 миллиард сом киреше алган. Бирок алардын 12си пайданы дивиденддерди төлөөгө бөлүшкөн эмес. Калган 128 компания кирешесинин бир бөлүгүн дивиденддерге бөлүштүрүп, анын жалпы суммасы 13,1 млрд сомду түзгөн.

Мыйзам долбоорун ишке ашыруу бизнес үчүн да, бюджет үчүн да олуттуу кошумча чыгымдарды алып келбей, фондулук рынокто активдүүлүктүн өсүшүнөн салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камсыздайт деп күтүлүүдө.

Аталган кызматы кызыкдар тараптарды мыйзам долбоорун талкуулоого катышууга жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.