Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-сентябрь айлары 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) 7,8%ды түздү.
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги топторуна баалардын өсүшү
Ушул жылдын тогуз айында азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 6,4%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге 5,1%га, азык-түлүк эмес товарларга 3,3%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 6,3%га жогорулады.
Эң жогорку өсүү төмөнкүлөрдө катталган:
- жаңы жемиштер — +41,1%;
- жаңы балык — +13,2%;
- картөшкө жана өсүмдүк майы— +12,5%;
- жаңы эт — +10,3%, койдун эти (+15,7%), жылкынын эти (+13,8%), уйдун эти (+9,6%);
- бал — +5,8%;
- ун — +4,6%;
- май — +4,3%;
- алкоголсуз суусундуктар — +3,9%;
- жашылчалар — +3,4%;
- бышырылган азыктар — +2,2%;
- кум шекер — +1,9%.
Ошол эле учурда баанын төмөндөшү тоок жумурткасына (12,7%га), сүткө (6,5%га), малдын майына (4,4%га) жана күрүчкө (0,9 %га) белгиленген.
Аймактык динамика
Өлкөнүн бардык аймактарында керектөө бааларынын өсүшү байкалган.
Баанын эң чоң өсүшү – 7,5%га Ош шаарында катталган, бул негизинен алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (+10,9%) кымбаттаган.
Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүүсү Чүй облусунда (+9,5%) катталган.
Азык-түлүк эмес товарлар боюнча - Ысык-Көл облусунда (+4,8%).
Калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер боюнча - Талас облусунда (+9,3%).
Инфляциялык басымдын себептери
2025-жылы баалардын өсүшү ички жана тышкы факторлордун таасири менен байланышкан, анын ичинде:
- Азык-түлүккө (жемиштер, жашылчалар) баанын мезгилдик өзгөрүшү;
- Ички рыноктун импортко көз карандылыгы жана дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясынын таасири.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрында азык-түлүк бааларынын индекси 128,8 пунктту түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен 3,4%га жогору.
Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы: бензин 8,8%га, дизель отуну - 6,3%га мезгилдик суроо-талапка жана Орусиядан мунайды экспорттоого киргизилген чектөөлөргө байланыштуу кымбаттаган.
Турак жайга жана курулуш материалдарына болгон баанын өсүүсү 8–12%га, бул импорттук курулуш материалдарынын кымбатташына байланыштуу.
Насыя берүүнүн өсүүсү: январдан-августка чейин керектөө кредиттери 51,6%га көбөйүп, ички суроо-талап жогорулады.
Бааларды турукташтыруу боюнча көрүлгөн чаралар
Баалардын өсүшүн ооздуктоо жана социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет төмөнкү чараларды көрдү:
- 2025-жылдын 31-январынан баштап айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берүү токтотулду;
- 2025-жылдын 11-августунан тартып уй жана кой этинин (сулпу эт) баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген;
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып көмүрдүн максималдуу баасы 90 календардык күндүк мөөнөткө белгиленген.
Мындан тышкары, Улуттук банк инфляциялык факторлордун жогорулашына жооп кылып, негизги ченди 25 базистик пунктка - 9,25%га чейин көтөрдү.