Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

Июль айында дагы 7 кыргызстандык алгачкы төлөмү жок ипотекалык турак жайдын ээси болушту

2024-жылдын июль айында Кепилдик фонддун кепилдиги аркылуу 7 жаран алгачкы төлөмсүз үйүнүн ээси болушкан.
Июль айында дагы 7 кыргызстандык алгачкы төлөмү жок ипотекалык турак жайдын ээси болушту

Жети кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн берилген ипотекалык насыянын көлөмү 21 миллион 227 миң сомду түзсө, алгачкы төлөмдү төлөөгө берилген кепилдиктердин суммасы 2 миллион 468 миң сомду түздү.

Ипотекалык кепилдиктер Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тургундарына берилди.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө Талас району боюнча 5 млн 120 миң сомго 2 кыймылсыз мүлк объектиси 530 миң сомго кепилдик колдоо менен сатылып алынган. Ошондой эле, 673,6 миң сомдук кепилдик колдоо менен 6 млн 328 миң сомдук Нарын облусунун 2, Чүй облусунун 3 тургуну дээрлик 9 млн 800 миң сомдук турак жайдын ээси болушту.

Белгилеп кетсек, жогоруда аталган келишимдин алкагында «Кепилдик фонд» ААКнын колдоосу менен буга чейин республиканын 132 тургуну алгачкы төлөмсүз ипотекалык турак жайдын ээси болушкан.

161
2024-08-09T11:53:59+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.