MBANK — HeadHunter тандоосу боюнча Борбордук Азиянын мыкты жумуш берүүчүсү наамына ээ болду

HeadHunter тандоосу боюнча MBANK 2024-жылдагы XII Жылдык HR-бренд сыйлыгы боюнча Борбордук Азиянын мыкты жумуш берүүчүсү престиждүү сыйлыгына ээ болду. Иш чараны HeadHunter компаниясы уюштурган жана анын салтанаттуу аземи 24-апрелде Алматыда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 64 долбоор катышты.
Бул сыйлык MBANKтын заманбап корпоративдик маданиятты түзүүгө жана эффективдүү HR-практикаларды ишке ашырууга болгон стратегикалык алгалоосунун ырастамасы болуп саналат, мунун аркасында банк өлкө боюнча кызматкерлер үчүн жагымдуу жумуш ордуна айланды.
Жеңишке жеткен негизги факторлордун бири - MBANK кызматкерлери үчүн атайын иштелип чыккан MPeople мобилдик колдонмосу болду. Муну MBANKтын HR командасы сыйлоо аземинин калыстарына сунуштады.
«MPeople мобилдик колдонмосу — алгачкы линиядагы кызматкерлерге жардамчы болуп, күнүмдүк ишке мотивация жана окутуу куралдарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди. Биз эффективдүүлүктү көзөмөлдөөгө жана компетенцияларды өнүктүрүүгө жардам бере турган куралды түзүүнү каалаганбыз. Мындай мобилдик тиркемелердин иштелип чыгуусу Кыргызстанда HR өнүктүрүүнүн келечектеги маанилүү бөлүгү болуп саналат, анткени алар кадрларды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, кызматкерлердин катышуусун арттырат жана иш процессин оптималдаштырат», – деп белгиледи HR департаментинин директору Каира Огонбаева.
МБАНКтын кадрлар департаментинин директору Кайра Огонбаева.
MBANKтын HR-бренд Борбордук Азия - 2024 сыйлоо аземиндеги жеңиши — заманбап HR чечимдеринин компанияны жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгүнүн көрсөтөт. MBANK үчүн бул күчтүү команда курууда жана бардык кызматкерлердин өзүнүн ордун жана салымын сезе турган туруктуу ички чөйрөнү түзүүдө маанилүү кадамдарды жасоодо, ал эми инновациялык мотивация жана окутуу куралдарын күнүмдүк ишке ыңгайлаштырып, интеграциялоону да улантмакчы.
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.